Кальций: К. н

Кальций (лат.

Calcium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIА группа элементи; к.н. 20, ат. массаы 40,08; ат. радиусу 1,97, иондук радиусу 1,04; тыгызд. 1,54 г/см3 ; эрүү темп-расы 851 оС; кайноо темп-расы 1492оС. Жаратылышта К. туруктуу 6 изотобу бар: 40Са (96,97 %), 44Са (2,09 %), 42Са (0,667 %), 48Са (0,184 %), 43Са (0,135 %) жана 46Са (0,003 %).

Кальций: К. н
Кальций

К. табигый бирикмелери: СаСО3 – арагонит, CaMg(CO3)2 – доломит, CaF2 - флюорит, CaSO4×2H2O - гипс; Са3(РО4)2 – фосфорит жана 3Са3(РО4)2 Са(F,Cl2)2 - аппатит ж.б. К. - күмүш сымал ак, жеңил металл. Металл түрүндөгү К. 1-жолу 1808-ж. Г.Дэви алган. Жер кыртышында (массасы б-ча) 2,96 %ти ээлеп, O, Si, Al, Fe кийинки 5-орунда турат. К. ысытканда бардык металлды алардын оксидинен, сульфидинен жана галогенидинен сүрүп чыгарат. Кадимки темп-рада К. кычкылтек менен реакцияга оңой кирип, СаО пайда кылат, СаО сууда эрип, күчтүү негизди Са(ОН)2 берет. К. бардык к-талар менен реакцияга оңой кирип, суутекти сүрүп чыгарат. Галогендер менен аракеттенип тиешелүү туздарды, кургак суутек менен аракеттенип гидриддерди, графит менен кошуп ысытканда карбидди пайда кылат. К. эритилген СаСl2дин электролиздөөдөн жана алюминотермиялык ыкма менен алынат:

6CaO + 4 Al = 2Al2O3 + 6Ca

Таза К. металлы цезий, рубидий, хром, цирконий, торий, ванадий бирикмелирин металлга чейин калыбына келтирүүдө жана болот иштетүүдө колдонулат. Техникада К. коргошун менен куймасы, минералдары кеңири пайдаланылат. Мис., өчүрүлгөн акиташты, цементти, силикат кышын алууда, түздөн-түз курулуш материалдары катарында, металлургияда, хим. ө. ж-да К. карбидин, соданы, хлордуу акиташты, жер семирткичтер алууда, кантты, айнекти өндүрүүдө колдонулат. Бор, мрамор, меланд шпаты, гипс, флюориттин ж.б-дын практикалык мааниси өтө чоң.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

Атомдук массаИзотопторМенделеев, Дмитрий Иванович

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ФантастикаБайламталар“Алтын кыз” (драма)Ич өткөкАкынТерроризмИч катууКыргызстан маданияты (гезит)СемантикаТоголок МолдоЖугуштуу оорулар«Замана» агымыКалька лексикологиядаӨмүр баянКыргызстандагы шамал режимиНасыяМиң сомАз кандуулукГалактикаКол өнөрчүлүкГлюкозаПлутонБашкаруу байланышыГалогендерАк кеме (чыгарма)Электр зарядыСак уруусуЧернобыль авариясыАбдыкерим Сыдыков«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»Аң-сезимДаван мамлекетиКыргызстандагы таш дооруМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыЖаз мезгилиАтом физикасыКыргызстандагы жаныбарларМурунБоз үйдүн ички жасалгасыКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүВольфганг Амадей МоцартНарын дарыясыАбдырахман Кучак уулуКан группаларыИсламАнжиян көтөрүлүшүАфрикаАйлана (математика)Балбай баатыр Эшкожо уулуТаштандыларды жок кылууТопуракЧүй облусуБеш жүз сомОсмонбеков, АрстаналыТайлак баатырРадикализмУсубалиев Турдакун УсубалиевичМанастын күмбөзүПлазмаОш облусуТаштандыБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыЭволюцияКЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.Төлөгөн КасымбековСеметей эпосуТүркмөнстанКыргызстандын райондоруБайыркы кыргыздарЫсык-Көл ойдуңуТянь-Шандын түндүк тизмегиКызыл армиянын улуттук бөлүктөрүОктябрь революциясыФатима АбдаловаМакмал алтын кениМексикаЖолон Мамытов🡆 More