Церий (латын тилинен Cerium, Ce) - Д.
И. Менделеев">Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 58, ат. м. 140,12. Ц. массалык саны 128Ce-151Ce болгон 24 изотобу белгилүү. Ц. жаратылышта м. 136Ce,138Ce,140Ce,142Ce болгон төрт изотобу бар. Ц. 1975-ж. амер. химик Ульям Фрэнсис Гиллебранд тарабынан төрт хлордуу Ц. электролиздөөдөн алынган: CeCl4®Ce+2Cl2 Ц. жаратылышта монацит жана башка минералдын курамында кездешет. Күмүш түстүү ак металл. Балкып эрүү температурасы 804оС; кайн. температурасы 3470оС; Ц. жылуулук жана электр тогун өткөргүчтүк касиетке ээ; бирикмелеринде +3 ж-ан +4 окистенүү даражасын көрсөтөт. Окистенүү калыбына келүү потенциалы -2,48 барабар. Ц. активдүү металл болгондуктан абада окистенип, CeO2 кабыкчаны пайда кылат. Ал бензолдо таза сакталат. Ц. менен темир, магний, алюминий, жез, ниобий, титан куймалары жана Ц. менен легирленген болот азыркы учурда техника тетиктерин жасоодо чоң мааниге ээ. Өтө жарык чыгаргандыктан кинофильм тартууда, караңгыда жарык чыгаруучу ок дарыларды даярдоодо, ошондой эле атомдук техникада да кеңири колдонулат, анткени Ц. жасалган айнектер радиацияны өткөрбөйт. Ц. айнек өндүрүү ишинде да негизги ролду ойнойт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Церий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.