Кванттык Теория

Кванттык теория – илимде микродүйнө объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын жана өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү физикалык теория.

Ал кванттык механика, кванттык статистика жана кванттык электрдинамика бөлүмдөрүн камтыйт. Электрондордун жана жарык кванттарынын касиеттеринин дал келишин изилдөө кванттык теорияны түзүүгө алып келген. Кванттык теориянын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондордун таралуусу боюнча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. Бордун теориясы, Ж. Франк менен Г. Герцтин тажрыйбалары атомдун нурлануусунун кванттык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо менен иш жүзүнө ашат. 1924-жылы франциялык физик Луи де Бройль бөлүкчөлөрдүн корпускулалык абалынан тышкары дагы толкундук касиети тууралуу айткан. Дүйнөлүк окумуштуулар M. Лауэ, У. Томсон, К. Девиссон жана Л. Жермердин тажрыйбалары бөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин далилдөөчү дифракция кубулушуна арналган. Кванттык теорияда материянын туруктуулугу жана өзгөрмөлүүлүгү, дискреттүүлүгү жана үзгүлтүксүздүгү анын негизги касиеттери болуп эсептелет. Кванттык теорияда микробөлүкчөлөрдүн кыймылы координаталардын жана убакыттын бир катар функциялары [х, y, z, t] аркылуу жазылат). Эркин микробөлүкчөлөрдүн негизги мүнөздөөчүлөрү энергия (Е) жана импульс (р). Кванттык теорияда закондордун негизги айырмачылыктары – символдордун сандар менен эмес, абстракттуу математикалык түшүнүктөр – операторлор менен белгилениши. Классикалык теориядан айырмаланган жаңы түшүнүктөр, башкача айтканда материянын корпускулалык (дискреттүү) жана толкундук (үзгүлтүксүз) касиеттери келип чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы жаңы ыкма болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Кванттык механикаКванттык электр-динамика

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Атама сүйлөмТишБаткен облусуЖаңыл МырзаКыргызстандын тышкы саясатыКумтөрЭволюцияЭнесай Кыргыз кагандыгыУзакбай АбдукаимовАмин кычкылдыктары (аминокислота)Кеп маданиятыИманалиев Элмирбек КалиловичЖапонияКометаТоголок Молдонун чыгармаларыКошойАзотТабигый ресурстарКожожашКурманбек эпосуКитепЖер-суу реформаларыБелок структураларыАалы ТокомбаевАйлана чөйрөнү коргооКыргыз улуттук опера жана балет театрыМарсАк батаКан агууКош сөздөрБилимЭсенкожоев КусейинШайлообек ДүйшеевКаада-салтКыргыз адабиятынын тарыхыКыргыздын элдик музыкалык аспаптарыИлимСайтНатуралдык санЭкстремизмТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүАк кууларМолдоваӨспүрүм балдарАппендицитЖарыкАндыМанас эпосунун идеясыБиогеоценозТамеки чегүүАрстанбек Буйлаш уулуЖамийла (повесть)Бака жалбыракБилим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстериКыргыз оюм чийимдериКарышкырларЛексикаБалыкБышыктоочЭритмелерМеркурийЖеңиш КүнүРадиоактивдүүлүкУзак жолКыргызстандын Орусияга каратылышыКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыТүшүндүрмө мүчөПлутонФотоэффектКойЭмгек ырларыАзербайжанКызыл алма (тасма)ОмонимдерХлорСүт эмүүчүАлай өрөөнүКант диабети🡆 More