Нейрон

Нейрон (неврон, нерв клеткасы), (байыркы грек тилинен νεῦρον — жип, нерв) — нерв тканынын негизин түзүүчү бөлүкчө.

Нейрон
Нейрон.

Түзүлүшү

Нейрондун денеси жана цитоплазмалык урчуктары (талчалары) болот. Нейрондун денесинин цитоплазмасында (невроплазмасы) ядросу, 1 же 3 ядрочосу, Гольджи аппараты, митохондрийлер, ошондой эле нерв клеткасына мүнөздүү структуралар жайгашкан. Нейрондун бир талчасы башкаларынан узун келип, анын учу чачыланып турат. Бул узун талчасы аксон деп аталат. Аксон нейрондун денесинен нерв импульстарын четки эфферент нерв учтарына берет.

Нейрондун денесинен бир же бир нече бутакташкан кыска талчалар тарайт. Булар дендриттер деп аталат. Бир нейрондун дендриттери 2000—3000 нерв клеткаларын байланыштырат. Булар аркылуу дүүлүгүү сезими нейрондун денесине келет. Нейрондун дене формасы жана талчаларынын саны ар түрдүү. Булар чогулуп мээ менен жүлүндүн боз затын түзөт. Ал эми нейрондун аксондору (узун талчалары) мээ менен жүлүндүн ак затын түзөт. Нейрон борбордук нерв системасынан тышкары нерв түйүндөрүндө да жайгашкан. Кээ бир нейрондун узун талчалары топтошуп чогулуп, нейроглия клеткасынан турган атайын кабык менен нерв талчаларын түзүп, борбордук нерв системасынан чыгат. Андан алыстаган сайын ири нерв талчалары улам ичке нерв талчаларына тармактанып, бүткүл денени жана бардык органдарды аралайт.

Нейрон 
Чычкандын мээсинин пирамида сымал нейрону, экспрессивдүү жашыл флуоресценттик белок (GFP).

Функциясы

Нейрондор бири-бири менен байланышта болот. Мындай байланыштар синапс деп аталат. Нейрон борборго ташыгыч (сезгич), кабыл алгыч жана борбордон ташыгыч (кыймылдаткыч) болуп айырмаланат. Бул үч тектүү нейрондор жана борбордук нерв системасы аркылуу организмдин ар кандай дүүлүктүрүүлөргө жооп кайтаруу реакциялары, башкача айтканда рефлекстер ишке ашырылат. Териде сезгич нейрондун узун талчаларынын (аксондордун) учтары тармакташып, рецепторлорду түзөт. Рецепторлор дүүлүгүү сезимин кабыл алат. Механикалык, химиялык, электрдик жана башкалар дүүлүктүргүчтөр таасир кылганда рецепторлордо туюнуу пайда болот. Организмде бул туюнуу сезгич талчалары аркылуу нейрондун денесине өткөрүлөт. Борбордук нерв системасындагы туюнуу кыймылдаткыч (борбордон ташыгыч) нейронго берилет. Булар аркылуу туюнуу борбордук нерв системасынан органдарга жиберилет.

Колдонулган адабият

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Нерв тканы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Молдо НиязВитамин жетишсиздигиСемантикаАпрель революциясыКайра курууВитамин АКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыТүштүк КореяСеметейдин Букардан Таласка келишиШамалКамсыздандырууЖакиев БексултанБиологияАмин кычкылдыктары (аминокислота)Сулайман-ТооШүкүрбек БейшеналиевСуу ЧечекКүн атмосферасыБанкЧоң казатИсламПирамида (геометрияда)Кыргыз киносуКөкөтөйдүн ашыОшАкчаУлуу жибек жолуИлимТөлөгөн КасымбековУсубалиев Турдакун УсубалиевичАндронов маданиятыКонституцияМамлекеттик бюджетЗат атоочТөрөтИталияМаркетингПланеталардын жандоочуларыАбдыкерим СыдыковБилимТүрк кагандыгыКутадгу билигМурунАлай өрөөнүКыргыз улуттук опера жана балет театрыОмор СултановДрамаБугу (уруу)Насирдин БайтемировНеологизмСөз айкашыАйлана чөйрөнү коргооЖүрөкЧыгыш АзияАжар (повесть)Сары-Челек биочөйрөлүк коругуТирсекХлорТабигый кырсыктарАлымкул ҮсөнбаевКалп(адабият)Түндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыДемократияКүзЫкташууКыргызстандын токойлоруЭмгек ырларыТатаал сөздөрКүрөң аюуКыргыз адабиятынын тарыхыБөлүп чыгаруу системасыТажикстанПлазмаИманалиев Элмирбек КалиловичЖайлооТүштүк-Батыш АзияЭтиштин чактары🡆 More