Өндүрүш ыры, өндүрүш жолу — адамдар өндүрүштүк жанa жеке керектөөсүнө жумшоочу материал байлыктарды өндүрүүнүн тарыхый кальшка түшкөн ыгы (амалы); өндүргүч күчтөр менен өндүрүш мамилелеринин биримдиги.
Өндүрүш ырынын бул эки жагы өз ара тыгыз байланышта. Бирок негизги роль өндүргүч күчтөргө таандык, анткени өндүрүш мамилелеринин мүнөзү ошол өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээлине жараша аныкталат. Өндүргүч күчтөрдүн өнүгүш даражасы адамдын табиятка үстөмдүк кылуу даражасын да көрсөтөт.
Коомдук турмушта Өндүрүш ыры аныктоочу орунга ээ, себеби материалдык тиричиликтин ыгы (жолу) жалпы эле коомдук тиричиликтин социалдык, саясий жанa рухий процесстерин кыймылга келтирет жанa теске салат.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Өндүрүш ыры, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.