Цитата (лат.— күбөгө тартуу) — өз пикирин түшүндүрүү жана бекемдөө үчүн башка бир автордун чыгармасынан өтө чакан үзүндү же бирөөнүн кыска сөзүн пайдалануу.
Цитатаны өз орду менен ыктуу пайдалануу адамдын интеллектуалдуу деңгээлинин канчалык даражада экендигин аныктайт. Мисалы, адабиятчы С. Жигитов Ч. Айтматовдун ишмердүүлүгү жөнүндө жазып келе жатып, советтик көрүнүктүү акын А. Твардовскийдин: «Өз өмүрүн баяндап жазуу адамга ошол өмүрдү сүргөндөн оңой түшпөйт» деген сөзүн цитата катары пайдаланат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Цитата, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.