Төр - тепши сымал өрөөндүн алкымындагы тегерек тарткан рельефтин кеңейген оёң формасынын жергиликтүү аты.
Байыркы жана азыркы мөңгүлөрдүн жылышынан пайда болгон. Кыргызстандын аймагындагы тоолордун төрлөрүнүн басымдуу бөлүгү касабалуу аска менен курчалып, мөңгүлөр ээлеп жатат. Айрым төрлөр физ. жана хим. үбөлөнүүдөн пайда болгон корум, шагыл шилендилери жана мореналар менен капталып, рельефтин түзүлүшүнө жараша «ашуутөр», «кумтөр», «коктутөр», «туюктөр», «көлтөр» деп аталат.
Кыргызстандын геогр. аттарынын курамында да көп кездешет; мис., Көлтөр (көл, кен, мөңгү, кыштактын аты), Кеңтөр (Кыргыз Алатоосундагы, Какшаал, Ат-Башы, Жаңыжер кырка тоолорундагы мөңгүлөрдүн аттары), Ашуутөр (ашуу, суулардын аттары) ж. б.
Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Төр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.