Скотт О’Делл (англ.
Анын жаш окурмандарга арналган 26 романы, чоңдорго арналган үч романы жана төрт нон-фикшн чыгармасы бар. Ал тарыхый көркөм чыгармаларды, анын ичинде негизинен Калифорния менен Мексиканын тарыхый жактары тууралуу бир нече балдар романдарын жазган. Балдар жазуучусу катары кошкон салымы үчүн ал 1972-жылы эки жылда бир берилген эл аралык Ханс Кристиан Андерсен атындагы сыйлыкка ээ болгон. Бул балдар китептерин жаратуучулар үчүн жеткиликтүү болгон эң жогорку сыйлык болуп саналат. Ал 1976-жылы Түштүк Миссисипи университетинин медальонун жана 1978-жылы Католик китепканалар бирикмесинин Регина медалын алган.
О’Делл "Көк делфиндердин аралы" (англ. Island of the Blue Dolphins, 1960) тарыхый романы менен белгилүү болуп, 1961-жылы "Нүбери" медалына жана 1963-жылы Германия балдар адабияты сыйлыгына татыган. Ошондой эле Лүис Кэрролл Шелф сыйлыгынын тизмесинде чыгарманын аты аталган. Ал дагы үч башка китеби менен жыл сайын өткөрүлгөн "Нүбери" сыйлыгында экинчи орунду алып калган. Алар: "Падышанын бешинчиси" (англ. The King's Fifth, 1966), "Кара бермет" (англ. The Black Pearl, 1967) жана "Ай тууралуу ырдагыла" (англ. Sing Down the Moon, 1970).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Скотт О’Делл, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.