Саламандралар (Salamandridae) - куйруктуу жерде-сууда жашоочулар тукуму.
Денесинин узундугу 10-28 см, куйругу кыска, буттары күчтүү, алдынкы кыска буттары 4, арткысы 5 манжалуу, сүзгүч жаргаксыз. Көз жапкылары жакшы өөрчүгөн. Чоңдору өпкөсү менен дем алат, бакалоору жок. Түсү жалтырак кара, ачык сары темгилдүү. 15тей уруусу, 45 түрү Евразия, Түн Америка ж-аТүн. Африкада таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 уруусу, 7 түрү кезигет. Алардын ичинен накта С., тритондор жана узун куйрук С. белгилүү. Узун куйрук С. уруусунун өкүлү кавказ саламандрасы - Батыш Кавказ эндемиги. С-дын кургакта жана сууда жашоочу түрлөрү бар. Нымдуу, көлөкөлүү токойдо, суу жээктеринде жашап, майда омурткасыздар менен азыктанат. Личинкалары сууда өөрчүйт. Көпчүлүгү жумуртка-тирүү жана тирүү тууйт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Саламандралар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.