Меншиков Александр Данилович

Меншиков Александр Данилович – орустун мамлекеттик жана аскер ишмери, граф (1703), князь (1706), генерал-адмирал жана генералиссимус (1727).

11.1673, Москва – 12(23). 11. 1729, Сибирь губерниясы, Берёзов кыштагы (азыркы Ханты-Манси автономия округу, Берёзов шаарчасы] – орустун мамлекеттик жана аскер ишмери, граф (1703), князь (1706), генерал-адмирал жана генералиссимус (1727). 1686-жылдан Пётр Iнин жан жигити (денщиги). Азов казаттарында (1695–96), Улуу өкүлдүктө (1697–98) Пётр Iни коштоп жүргөн. 1703-жылы Ингерманландия (кийин Санкт-Петербург) губерниясынын губернаторлугуна дайындалган. Санкт-Петербургду, Кронштадтты, Нева жана Свирь дарыясында кеме верфтерин куруу иштерин башкарган. Түндүк согушу (1700–21) убагында ири жөө жана атчан аскерлерге кол башчылык кылып, швед аскерлерин бир нече жолу жеңген: 1706-жылы 18-октябрда Калишенин, 1708-жылы 2-ноябрда Батуриндин, 1709-жылы 7-майда Опошнянын алдында шведдерди талкалаган. 1709-жылы (27-июнда) Полтава салгылашында сол фланганын командачысы болгон Меншиков, генерал Россанын корпусун талкалап, орустардын жеңишине жол ачкан. 1709–13-жылдары Польшада, Курляндияда, Померанияда жана Гольштейнде орус аскерлерин, 1714-жылы жылдан шведдерден тартылып алынган Балтика бою менен Ижор аймагын башкарган. Пётр I жокто өлкөнү башкарып турган. 1718–24- жана 1726–27-жылдары Аскер коллегиясынын президенти. Пётр I өлгөн соң Екатерина Iни тактыга отургузган (1725, 28-январь) жана иш жүзүндө Россияны өзү башкарган. 1727-жылы 25-майда өз кызы Марияны Пётр Iнин небереси Пётр IIге алып берген. Бирок Меншиковго каршы эски ак сөөктөрдүн (княздар Голицын менен Долгорукийдин) түрткүсү менен Пётр II 1727-жылы 8-сентябрда Меншиковду мамлекетке чыккынчылык кылды жана казынаны талоонго учуратты деп айыптап, үй-бүлөсү менен Берёзовго сүргүнгө айдаган. Анын мүлкү: 90 миң крепостной дыйкан, 6 шаары, Россия, Польша, Пруссия жана Австриядагы мүлктөрү ж. б. толугу менен конфискацияланган.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Ат атоочИнсанОмографТишАлтын ОрдоВикипедияТабигый тандалууКыргыз сомуУсубалиев Турдакун УсубалиевичБулчуңЖусуп МамайТамак сиңирүүЖалал-АбадАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичГеографияНасыяЖүлүнРайымбек МатраимовСууЭркин сөз айкашыАлтыбасарова, ТоктогонКөкө уулу ЖеңижокӨнөр жайЖемиштерЖерХуннуКоруктарДмитрий МенделеевОмонимДифференциацияланган окутууРефлекстерТарбиялоо принциптериГерманияКыргыз аттарыАтомдук электр станциясыЖоомарт БөкөнбаевДекларация (жарнак)Ай фазаларыКыргызстандагы жаныбарларСПИДБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмОнтогенезЮпитерГлобалдык көйгөйлөрЗат алмашууБизнес-планЖүрөктүн тез каагуусуКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыАлмамбетСаймалуу ташКубанычбек МаликовДаракЭволюцияМектепке чейинки куракТабышмакЭң чоң жалпы бөлүүчүАтоочтук сөз айкаштарыСөздүн маанисиСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКош сөздөрФольклористика же фольклор таанууХромосомаларРепортажАк канЖер титирөөУлуу Кыргыз ДөөлөтүСарыбагышСаспаев АманКонцепцияЛазерСинтаксисКыргыз Республикасынын экономикасыМамлекеттик башкарууАбиотикалык факторлорЖыл сүрүү жадыбалыИсторизмКыргыздардын тарыхыМагнит талаасы🡆 More