Конвекция

Конвекция (латынча convectio – алып келүү, жеткирүү) – суюктук, газ же чубурма заттуу чөйрөдө алардын бөлүкчөлөрүнүн которулушунан ал чөйрөдө массанын, жылуулуктун ж.

б. алмашуусу. Конвекция табигый (эркин), аргасыз жана капиллярдык болот. Табигый Конвекция – агуучу же чубурма заттардын бирдей эмес ысышынан (мисалы, астынан жылуулук берилсе) оордук күчүнүн талаасында пайда болот. Мисалы, бөлмөнү жылытууда (меш же жылыткыч радиатор) абанын кыймылы эркин Конвекция болуп эсептелет. Температура жогорулаганда, абанын тыгыздыгы азайып, ал өйдө карай көтөрүлөт, ал эми муздак аба ылдый түшөт. Эркин Конвекция процесси темпра теңелгенге чейин уланат, анын ургаалдуулугу чөйрө катмарларынын ортосундагы температуранын айырмасына, жылуулук өткөрүмдүүлүгүнө жана илээшкектигине көз каранды. Аргасыз Конвекция атайын сырткы механикалык таасирден (насос, аралаштыргыч ж. б.) пайда болот, мисалы, бөлмөнүн ичинде вентилятордун же кондиционердин таасири астында абанын кыймылы, гидронасостун таасири астында түтүктөгү суюктуктун кыймылы. Капиллярдык Конвекция суюктуктун эркин беттик тегиздигинде беттик тартылуу айырмасында пайда болот. Айырмалар температура өзгөргөндө, беттик активдүү заттар таасир эткенде болот. Капиллярдык Конвекциянын ургаалдуулугу өтө кичине. Космос тармагында, атмосферадан сырткары чөйрөдөгү эркин учууларда, салмаксыз абалда эркин Конвекция азайганда капиллярдык Конвекциянын мааниси өсө баштайт. Конвекция техникада чоң роль ойноп, табиятта көп кездешет, мисалы, атмосферада аба массасынын жана деңиз менен океандарда суу массаларынын которулушу Конвекцияга мисал болот.

Колдонулган адабияттар

Tags:

АтмосфераГазЛатын тилиСуюктук

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ГезитТыныш белгилериАк кеме (чыгарма)Рысбай АбдыкадыровУчкул сөздөрБалдардын курак мезгилдериКанКалпакМонголияУсун мамлекетиБазар экономикасыЭпосКасымалы БаялиновБийликтин бөлүнүшүЖер кыртышыИлбирсСуутекГерманияКаныбекЭтносАбдыкерим СыдыковЖерАкчаТайлак баатырДыйканчылыкСооронбай ЖусуевШвецияКыргыз Республикасынын Кызыл китебиЖүрөк-кан тамыр системасыЫкташууАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичПровайдерКиринди сөзОсмонаалы СыдыковСамынТүргөш кагандыгыВирусГрек тилиӨмүрбаев, СагындыкКыргызстандын Орусияга каратылышыКоопсуздук техникасыАкыйнек, акыйХимиялык элементТүшүндүрмө мүчөДидактикалык чыгармаларАрызАк Мөөр (поэма)Осмонов, АсанкулФотосинтезАдминистративдик укукТуберкулёзРуханий маданиятТоголок МолдоИнсультМухаммед пайгамбарТүрДаван мамлекетиӨсүмдүкПопуляцияЖөндөмө категориясыБүркүтЖыл сүрүү жадыбалыШүкүрбек БейшеналиевГлюкозаАмир ТемирЭмгек укугуАлымбек даткаТопонимикаКаныккан углеводороддорГенотип жана фенотипМанас эпосуКомпиляцияТоктогул СатылгановЖусуп Баласагындын Кут Билим дастаныРепрессияКонституцияТемирИнтернет🡆 More