Кетмонов Хотамжон Абдурахмонович (төр.
22 май 1969, Өзбек ССРи, СССР) — Өзбекстандын саясий ишмери.Өзбекстан эл-демократык партиясынын төрөгасы.
Хотамжон Кетмонов өзб. Xotamjon Ketmonov, Ҳотамжон Кетмонов | |
Дини: | ислам |
---|---|
Туулган жылы: | 22 -май 1969 (54 жаш) |
Туулган жери: | Балыкчи району, Өзбек ССРи, СССР |
Партиясы: | Өзбекстан эл-демократык партиясы |
Хотамжон Кетмонов 1969 жылы 22 майда Андижан облусуна караштуу Балыкчи районунда төрөлгөн.
1993 жылы орус тили жана орус адабияты мугалими боюнча, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.
Х. А. Кетмонов эмгек ишмердүүлүгүн Фергана облусунун Ташлак районундагы № 28 мектептен мугалимдик кесип менен баштаган.
2013 жылдан тартып азыркы учурга чейин Х. А. Кетмонов Өзбекстан ЭДП-нын борбордук кеңешинин төрөгасы болуп иштейт.
«Өзбекстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 15-жылдыгы» (2006) жана «Өзбекстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгы» (2011) төш белгилери менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү.3 баласы бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кетмонов Хотамжон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.