Кантхо – Вьетнамдын түштүк-батышындагы борборго баш ийген шаар.
Хошимин шаарынан 170 км түштүк-батышта, Меконг – Бассак (Хау) дарыясынын башкы салаасынын биринде жайгашкан башкы шаар. Калкы 268,7 миң (2008; агломерациясында 1,2 млн). Жолдор тоому. Деңиз порту. Аэропорту бар.
1739-жылы негизделген. 1991 – 2004-жылдары Кантхо провинциясынын административдик борбору болгон. Будда пагодалары, калкыма базарлар, университет (Күрүч Илим Изилдөө институту менен) бар. Күрүчтү экспорттоо боюнча дүйнөдөгү эң ири борбор. «Чанок» жана «Хунгфу» индустрия парктары, жашылча-жемиш консерва, кант өндүрүшү, пиво кайнатуу заводдору, текстиль, кеме куруу өнөр-жай ишканалары иштейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кантхо, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.