Идея (гр.— ой-пикир) — чыгарманын идеясы — көркөм чыгармада берейин деген ой-максат, ал образдар системасынын бирдигинде берилет.
Жазуучу өз чыгармасында белгилүү бир маселелерди ортого коюу менен чектелбейт, өзүнүн идеалы катары анын чечимин берет, мамилесин билдирет, баалайт. Мисалы, К. Баялинов «Көл боюнда» повестинде согуш учурундагы совет элинин баатырдык күрөшүн, каарман эмгегин, бузулбас достугун сүрөттөйт. Ушул чыгарманын идеясын түзөт. Автор повестте совет элинин жеңишке жетишүүсүндөгү алардын (эрдик, эмгек, достук) ролун баалайт. Ж. Турусбеков «Жаңы сайма» аттуу ырында бир кезде арман-муңга чулганып турган кыргыз эли Октябрь революциясынын жеңиши менен эркиндикке чыгып, «шаңдуу эмгектин күүсү» чертилгеидигин чоң эргүү менен сүрөттөйт — ырдын идеясы ушул. Социалисттик реализм адабияты бийик идеялуулук үчүн күрөшөт. Советтик адабияттын жогорку идеялуулугу анын прогресс үчүн, эмгекчи калктын мүдөөсү үчүн кызмат өтөөнү башкы принцип кылып алгандыгында.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Идея, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.