Жорго сөз - кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында кеңири тараган жанр.
Негизги өзгөчөлүгү – оозеки баян, ыргак, муун саны сакталбаган, бирок анча – мынча чачкын уйкаштык бар проза менен берилет да, өзүндө поэзиянын элементтерин да камтыйт.
Мисалы, Жигитти кыркка толтуруп, туш – туштагы душманына кол сунуп, баатырларын, балбандарын дагы сайып, бала баатыр атанып, кырк жигитине кырк кара ат камдап, чарайна, соот, туулга, чопкут, калкан, айбалта,найза, кылыч, мылтык, шашылышта чабыша турган шалк этме сыяктуу бардык жоо шайманын камдап, жигиттеринин көңүлүн жамдап, өзү он алты жашка чыкты. Курманбек кор болгон кыргыз, кыпчактын калмактардан өткөн өчүн, кеткен кегин аламын, калмакка барамын деп кырк жигитине айткан сөзү... ( “Курманбек “ эпосу )
Мисалда уйкаштыктар ( толтуруп – кол сунуп, сайып – атанып, камдап – жамдап, аламын – барамын ), аллитерация, ассонанс сыяктуу поэтикалык каражаттар кара сөздү поэтикалык речке, б.а. ырдын нарк – насилине жакындатып турат, бирок ыр сыяктуу муунагы, муун саны болбойт.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жорго сөз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.