Жамбаш чарасы — кишинин буттарын бириктирип, жамбаш курчоосун түзүүчү тулку скелетинин төмөнкү бөлүгү.
Жамбаш чарасы эки жамбаш, чычаң жана куймулчак сөөктөрүнөн турат. Жамбаш чарасы чоң жана кичине болуп айырмаланат. Кичине жамбаш чарасы жогортон төмөн куушурулган сөөк көңдөйү. Жамбаш чарасы бел кырчоосунун негизин түзгөндүктөн, омуртка тутумуна тирөөч болуп турат. Анын түзүлүшүндө жыныстык өзгөчөлүктөр (айрыкча жыныстык жетилүү мезгилинен баштап) даана байкалат. Аялдардын жамбаш чарасы жапыс жана кең, жамбаш сөөгүнүн канатчасы жазы, эркектердин жамбаш чарасы бийик жана кууш. Жамбаш чаранын арткы капталын түзүүчү куймулчак сөөгү аялдарда жука, жазы жана кыска. эркектердики узун жана ичке болот. Жамбаш чарасынын бет мандай капталын чаткаяк сөөктөрү түзөт. Чоң жамбаш чараларында төмөнкү ич көңдөй органдары, кичинесинде көтөн чучук, табарсык, эркектерде простата бези жана урук ыйлаакчасы, аялдарда жатын, жатын кошумчалары жана жатын кыны жайгашат.
Жамбаш чарасынын сөөктөрүнө арка жана омуртка булчуңдары бекийт: андан бут булчуңдары башталат. Жамбаш чаранын итийден кийин бардык тарабынан тарышы, сөөктөрүнүн сынышы, туберкулёз жана кулгуна оорусуна чалдыгышы коркунучтуу. Аялдардын жамбаш чараларынын түзүлүшү менен көлөмүнүн төрөттө мааниси чоң (Төрөт). Ошондуктан -аялдар консультациясында жамбаш чаралары өлчөнөт. Кууш жамбаш чаралары төрөттө баланын өтүшүнө тоскоолдук кылат. Бул учурда төрөт кыйындап, бала төрөттөн жабыркайт (Ымыркайдын төрөттөн жабыркашы). Мындай учурда ар кандай кабылдоодон алдын алуу үчүн акушердик операция (мисалы, Кесарь кесүү) жасалат. Жамбаш чарасы кадимкидей эле болуп, баланын башы өтө чоң болгондо да өтпөй калышы мүмкүн. Муну клиникалык кууш жамбаш чаралары деп атайт.
Бул учурда кош бойлуу аялды төрөткө 2 жума калганда ооруканага жаткыруу керек.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жамбаш чарасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.