Дастан – эпикалык жанр; Чыгыш элдеринин фольклору менен адабиятындагы баатырдык же романтикалык мүнөздөгү көлөмдүү поэма.
Ыр түрүндө же кара сөз менен жазылат; аткарууда кыраатка, обонго салып айтуу кезектеше берет. Дастан баатырдык-фантастикалык темадагы жомок, уламыш, санжыралардан турат. Кара сөз түрүндөгүсүндө ыр, диалог же монолог эриш-аркак жүрөт. Дастанды түркмөн, азербайжан, түрктөр огуз-наме деп да атайт. 10-15-кылымда перс, тажик, өзбек, азербайжан адабиятында айрым романтикалык поэмалар (мисалы, «Лайли-Мажнун», «Хосров-Ширин») жана эпикалык чоң поэмалардын главалары (мисалы, Фирдоусинин «Шахнамеси») дастан делген. Көпчүлүк дастанды качандыр бир заманда жеке адамдар чыгарып, элдин көркөм кенчине кирген элдик-поэтикалык дастандан айырмаланбай калган. Дастандын бул эки түрүнө тең каарманды идеалдаштыруу, апыртуу мүнөздүү. Профессионал адабиятта дастан 16-18-кылымда кыйла өрүш алган. Кээ бир элде (өзбек, кара калпак, түрк, кыргыз жана башка) дастан азыр да жаралууда. Кыргыз фолькористикасы менен адабият таануусунда фольклордук (мисалы, «Жаныш-Байыш», «Курманбек») жана адабий поэмаларды кээде дастан деп атайт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дастан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.