Дагстан тилдери – кавказ тилдери (ибер-кавказ) уясынын түндүк-чыгыш тармагына кирген тилдердин тобу.
Дагстан тилдери өз ара бир нече топко жана өзүнчө тилдерге бөлүнөт: 1) авар-андцез тобу (авар, анд, ботлих, годоберин, карата, ахвах, багулал, тиндин, чамалин, цез, хварши, гинух тилдери); 2) лак тили; 3) даргин тили, 4) лезгин тобу (лезгин, табасаран, агул, рутул, цахур, крыз же жек, будух, хиналуг, арчин, удин). Дагстан тилдери жөнүндөгү изилдөөлөр 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында жарыялана баштаган. Дагстан тилдеринин фонетикалык жана грамматикалык түзүлүшүндө чоң айырмачылыктар бар. Алгач араб, 1928–38-ж. латын жазмасын пайдаланышкан. 1938-жылдан орус графикасынын негизинде түзүлгөн жазууга өткөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дагстан тилдери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.