Авар тили - Дагстан, Түндүк Осетия жана Азербайжанда жашаган аварлардын тили.
Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин дагстан тобуна кирет. Авар тили түштүк жана түндүк диалектиге бөлүнөт. Адабий тили түштүк наречиенин негизинде калыптанып, 1928-ж. латын графикасында алфавити кабыл алынган. Жазмасы 1938-жылдан орус графикасынын негизинде иштелип чыккан. Авар тили андий, цэз элдеринин жана арчиндердин улут аралык катнаш жана мектепте окутуунун тили болуп саналат. Бул тилде 785 миң адам сүйлөйт (2002). 20-кылымдын 30-жылдарында авар тилинин өнүгүшүнө Дагстан акыны Гамзат Цадаса олуттуу салым кошкон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Авар тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.