Антарктика жарым аралы (1961-жылга чейин советтик жана англиялык карталарда Грейама жери, америкалык картада Палмера жарым аралы, чили картасында О’Хиггинс жери, аргентина картасында Сан-Мартин жери аталган) - Антарктида аймагынын бир бөлүгү.
Болжол менен 1200 кмге түндүккө, Түштүк Американы карай созулат. Жазылыгы 200 кмдей. Бийиктиги 4191 мге чейин. Борбордук бөлүгүн мөңгүлүү плато (бийиктиги 1500-2000 м) ээлейт. Жээгинин айрым жеринде муз каптабаган тоо массивдери кездешет. Антарктика жарым аралында антарктидалык илимий станциялардын ¼ жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Антарктика жарым аралы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.