Америка футболу – сүйрү топ менен туурасынан 20 чийинге бөлүнгөн төрт бурчтук аянтта (90х49 м) ойнолуучу командалык спорт оюну.
Командада 45 оюнчу (чабуулчулар, коргоочуларжана атайын команда) болуп, 11 кишиден ойношот. Оюн 15 мүнөттүк 4 бөлүктөн турат. Америка футболу 1869-70-ж. АКШда пайда болгон. 1900-жылдан баштап Америка футболу колледж жана университеттердин негизги оюну болуп калган. Анын профессионалдык уюмдары уюшулгандан кийин 1921-ж. Улуттук футболдук лига түзүлгөн. Лиганын эң белгилүү мелдеши - Супер Боул (Суперкубок) кубогу жылына бир жолу өтүлөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Америка футболу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.