Александр III (26.
2. 1845, Санкт-Петербург 20. 10. 1894, Ливадия Крым) - Россиянын императору (1881-94). Александр IIнин уулу. 1880-жылдардын экинчи жарымында атасынын реформаларына каршы бир катар реформаларды жүргүзгөн. Полициянын, жергиликтүү жана борбордук бпйликтин таасирин бекемдеп, тескерисинче земстволук, шаардык башкаруу органдарынын үстүнөн катуу көзөмөл орнотуп, университеттердин укугун чектеген жана цензураны күчөткөн. Анын учурунда Орто Азия толугу менен Россиянын курамына кошулган (1885). 1883-ж. Петербург шаарында өткөн Александр ІІІнүн тактыга отуруу салтанатына Түркстандан да өкүлдөр чакырылып, ал делегациянын курамында кыргыздардан Шабдан Жантай уулу катышып келген. Тышкы саясатта Александр ІІІ Франция менен жакындашууга аракет кылып, натыйжада Россия-Франция союзу түзүлгөн (1891-93).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Александр III, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.