Google Play Music — Google тарабынан башкарылган музыка, подкаст агымын сунуш кылган кызмат жана онлайн музыка кампасы.
Кызмат 2011-жылы 10-майда жарыяланып, алты айга созулган чакыруу менен гана иштеген бета мөөнөтүнөн кийин ал жалпыга 16-ноябрда пайдаланууга берилген.
Стандарттык аккаунтка ээ болгон колдонуучулар өздөрүнүн жеке китепканасына 50,000ге чейин ырды акысыз түрдө жүктөп уга алышат. "Бардык мүмкүнчүлүктөрдү алууга" негизделген жазылуу YouTube Red менен бирге сатылып, Google Play Music каталогундагы каалаган ырды колдонуучуларга агым аркылуу алууга укук берет. Колдонуучулар Google Play'дин музыка дүкөнү бөлүмү аркылуу өз китепканасына кошумча тректерди сатып алса болот. Интернетке туташкан түзмөктөр үчүн музыка агымын сунуш кылгандан тышкары Google Play Musicнын мобилдик колдонмолору ырды сактап алып, оффлайн түрдө угууга мүмкүнчүлүк берет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Google Play Music, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.