Aналдык Секс

Аналдык кошулуу ( лат.

Aналдык Секс
Аретино Петронун сонеттерине иллюстрация. Сүрөтчү Эдуард Анри Аврил

Аналдык катнаш карама-каршы жыныстагы жана бир жыныстуу өнөктөштөрдүн ортосунда да жасалат . Анын үстүнө, жыныстык катнаштын бул түрү кындын жыныстык катнашынан айырмаланып, өнөктөштөрдөн алдын ала даярдыкты талап кылат .

Аналдык катыш негизи гомосексуал эркектер менен байланышытырганына карабай, бир гана гомосексуалдар эле аналдык секс менен алектенип калбай, гетеросексуалдуу мамилелердин арасында дагы аз эместигин көптөгөн изилдөөлөр көрсөтүп келет . Кээ бир аналдык секстин түрлөрү лесбияндардын жыныстык жашоосунун бир бөлүгү болушу мүмкүн . Адамдар анустагы нерв учтарын стимулдоо аркылуу аналдык катнаштан ырахат ала алышат, ал эми аналга киргизүү аркылуу эркектерде простата безин кыйыр стимулдаштыруу, аялдарда клитор же кындын чөйрөсүн стимулдоо аркылуу оргазмга жетүүгө болот .

Баардык эле жыныстык катнаштар сыяктуу эле, аналдык сексти тажыйырбалаган адамдардажыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу бар. Аналдык секс анустун жана көтөн чучуктун аярлуулугу айынан тобокелдиги жогору сексуалдык тажыйырба болуп саналат. Аналдык жана көтөн чучуктун ткандары өтө назик болгону үчүн оңой эле жыртылып, инфекциялар жугуп калышы мүмкүн, өзгөчө жыныстык катнаш учурунда атайын майлоочу май колдонулбаса . Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекциялардан коргонуу үчүн аналдык секс учурунда презерватив колдонууну сунуштайт .

Түшүндүрмө

Аналдык муштум, анилингус жана ануска бөтөн нерселерди киргизүү (мисалы, дилдо, анал мончоктору ж.б.) аналдык стимул болуп саналат, бирок аналдык секс эмес. Ошого карабастан, оозеки тилде аналдык секс деп ушул тажыйырбалардын түрлөрү да аз эмес эсепке алынат.

Түшүндүрмө

Aналдык Секс 
Эркек менен аялдын ортосундагы аналдык сексти чагылдырган иллюстрация
Aналдык Секс 
Тизе менен чыканак абалында пиггинг (аналдык секстин бир түрү)

Демейде аналдык сексти тажыйырба кылып келгендер арасында активдүү (киргизүүчүнү) жана пассивдүү (киргиздирүүчүнү) деп өнөктөштөрдү айырмалашат . Аналдык киргизүүнүн активдүү катышуучусу деп өзүнүн жыныстык мүчөсүн же жасалма жыныс мүчөсүн киргизген эркек, же өнөктөшүнүн аркасына жасалма жыныстык мүчөсүн киргизген аял аталат. Алуучу же киргиздирүүчү өнөктөш, эркек же аял, пассивдүү болуп саналат. Аналдык катнаштагы кеңири жайылган позалар - бул активдин үстүнө минүү же тизелөө позалары.

Анус аймагы эки жыныстагы тең адамдардын көпчүлүгүндө өтө сезгич жана эрогендик зоналардын бири болуп саналат . Демек, көтөн чучуктун стимулдашуусу жыныстык дүүлүктүрүүнү пайда кылышы мүмкүн . Пассивдүү эркектер үчүн аналдык секс простата безине басым жасайт, бул кошумча дүүлүктүрүү жана натыйжада эякуляция жана оргазмга алып келиши мүмкүн.

Активдүү роль ойногон эркектер үчүн аналдык секс жыныс кынына караганда жагымдуураак болушу мүмкүн, анткени аналдык сфинктердин пениске көрсөткөн басымы кындын кысуусуна караганда бир топ жогору болушу мүмкүн. Активдүү роль ойногон аялдар жасалма жыныстык мүчөнүн жардамы менен түздөн-түз стимулдаштыруудан, кошумча аппараттарды колдонуудан физикалык, ошондой эле жыныстык катнаш учурунда эмоционалдык тажрыйбалардын өнүгүшүнөн психологиядык ырахат алышат.

Жайылуусу

Аналдык секс карама-каршы жыныстагы жана бир жыныстагы өнөктөштөрдүн ортосунда да кеңири таралган. Ага эркектер да, аялдар да тартылып турушат. Аналдык жыныстык катнашка карата болгон карама каршы көз караштар аноректалдык дисфункциянын өнүгүшүнүн жогорку ыктымалдыгына , ошондой эле көптөгөн кылымдар бою аналдык секс күнөө же бузукулук катары каралып келгендигине негизделет. Башка жагынан караганда, батыш маданиятында дененин аналдык аймагы кир жана жийиркеничтүү мүчө катары саналган стереотип бар .

Ар түрдү жыныстагы өнөктөштөр

Карама-каршы жыныстагы өнөктөштөр жыныстын кын менен катышууга мүмкүн болбогондо же каалабаганда аналдык сексти тажыйырбалашы мүмкүн (мисалы, этек кир учурунда, кош бойлуулук учурунда, төрөттөн кийинки мезгилде, кындын оорулары же кемтиктери менен, кыздык парданы сактап калуу аракетинде ж.б.), же болбосо бойго бүтүп калуусунан коркуп же жыныстык катнаштын ырахатын өркүндөтүү үчүн да аналдык секс колдонулушу мүмкүн.

Аналдык катыш барган сайын гетеросексуал аялдардын сексуалдык репертуарынын бир бөлүгү болуп баратат. Таралуусу жана кайталануусу боюнча жыйнактарга караганда гетеросексуал аялдардын болжол менен 40% и жашоосунун кайсыл бир учурунда анал аркылуу жыныстык катнашка барарын айтышкан. Ал эми 8% ке чейини болсо ай сайын алектенишет .

Бир жыныстагы өнөктөштөр

Aналдык Секс 
Эркектердин ортосундагы аналдык катыш

Баардык гомосексуал эркек өнөктөштөр аналдык секс менен алектенишет деген жаңылыш түшүнүк бар. Медицина илимдеринин доктору Г.Б.Дерягин гомосексуал эркектердин 25%га чейини аналдык жыныстык катнашка барбай турганын, сексуалдык өз ара канааттануунун башка формаларына, биринчи кезекте, оозеки-гениталиялык байланыштарга жана өз ара мастурбацияга артыкчылык берерин белгилейт . Ушундай эле маалыматтар анын төмөндөгү эмгектеринде И.С.Кон .

2011-жылы Индиана университетинин жана Джордж Мейсон университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, гей респонденттердин 40% дан азы гана акыркы жолу жыныстык катнашка барганда аналдык секске барышкан .

Tags:

Aналдык Секс ТүшүндүрмөAналдык Секс ТүшүндүрмөAналдык Секс ЖайылуусуAналдык СексЛатын тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Мал чарбасыБиосфераАраб халифатыЧокан ВалихановМутациялык селекцияАң-сезимБизнес-планЖеңиш чокусуКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүИскусство таанууИшмердүүлүкЖалал-Абад облусуТүштүк ЕвропаАчык муунМухаммед кыргызКожомбердиев ТурарЖоон үндүүлөрАбдыкерим СыдыковАстероидМоголстанКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыХлорТехнологияТууранды сөзМукаш АбдраевПрокси серверКыргызстандагы жаан-чачындарКеп маданиятыӨпкөЖыл мезгилдериХимияГигант планеталарКөзЖыл сүрүү жадыбалыКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыМахмуд КашгариЧабалекейлерАндыФонетикаЖүрүм-турумКыргызстандын чек араларыЖаратылыш зоналарыБаскетболЭлементтер мезгилдик системасыКыргызстандагы жаныбарларМеркурийСүйлөмТелибай тентекСеметейКанСан атоочАбдылдабек Алымбек датка уулуКомпьютердик тармакҮй-бүлө социологиясыАбай КунанбаевКыргызстандын шаарларыInstagramТопуракБөйрөкТүндүк АмерикаКыргызстандын Орусияга каратылышыАйӨз алдынча разрядКошойКурманбек эпосуКир II УлууМагнит талаасыЭмгек рыногуАнжиян көтөрүлүшүТабигый кырсыктарРефератНасирдин БайтемировКубанычбек МаликовӨрт коопсуздугуАлыкул ОсмоновТекст🡆 More