.az — Азербайжан үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
Домен 1993-жылдын 23-августунда киргизилген жана расмий түрдө 25-августтан тартып иштей баштаган.
.az | |
Azlogo.png | |
Киргизилген жылы | |
---|---|
Домендин тиби | |
Макамы | иш үстүндө |
Каттоочу уюм | AZNIC |
Уюштуруучу | IntraNS |
Багыты | Азербайжан менен байланышкан объектер |
Колдонулушу | Азербайжанда кеңири колдонулат |
Каттоодо болгон жолтоолор | Резиденттер гана катай алышат |
Маңызы | Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер |
IntraNS тарабынан көзөмөлдөнөт. Азербайжанда жайгашкан же ага байланыштуу объекттер үчүн колдонулат. Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот. Негизги үчүнчү деңгээлдеги домендери: com.az, net.az, int.az, gov.az, org.az, .edu.az, .info.az, .pp.az, .mil.az, .name.az, .pro.az жана biz.az.
Азербайжан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Украинадан кийинки эле өз доменин алган экинчи өлкө.
.az доменин каттоонун баасы 20 манатты түзөт. Техникалык колдоонун бир жылдык баасы дагы 20 манат .
Учурда Азербайжанда .az зонасында аккредитацияланган бир нече каттоочулар бар, Онлайн портал ( Online.az )жана Smarthost.az . Эки катточу тең .az аймагында доменди каттоону өлкөнүн резиденттерине гана сунушташат.
WHOIS ресурсунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын 14-октябрына карата .az улуттук домен аймагында 37 967 сайт катталган, анын 35 510 экинчи деңгээлдеги домендер .
.gov.az домени 2005-жылы Атайын мамлекеттик коргоо кызматына берилген
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article .az, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.