Энчилүү aт - адам, жаныбар, жер, суу, планета, мекеме, окуя, чыгарма жана башкаларга энчиленип коюлган атты туюнтчу сөз же сөз тизмеги.
Мис., Чолпонбай Түлөбердиев, «Ала-Тоо» журналыда баатыр жалпы аттан а йырмаланып, энчилүү ат, бир затты өзүнө окшош башка заттардан ажыратып көрсөтүү милдетин аткарат. Энчилүү ат менен жалпы ат ортосундагы чек өзгөрүп кетиши да мүмкүн, б. а. жалпы ат энчилүү ат катары (мис., Алтын, Жылкычы, Тилек), ал эми энчилүү ат жалпы ат катары (мис., рентген, катюша) колдонулуп калган учурлар бар. Энчилүү аттарды ономастика изилдейт. Энчилүү аттардын табиятына байыртан эле атайын көңүл бөлүнүп келген (Платон, Демокрит). Ага кийин К. Маркс да кайрылып, ар кандай буюмдун наамы менен табиятынын ортосунда эч кандай жалпылык болбойт деген. Бул ойду аңдап ири өөрчүтүп, лингвисттер менен логиктер мындай дешет: Энчилүү ат - бул себепсиз (мотивсиз) белгилер, акыйкаттын кырдаалын мейкиндик жана мезгил жактан белгилөөнүн бир ыгы; аларды (Энчилүү атты) башка белгилер, номерлер, алгебралык символдор менен алмаштырууга да болот.
Ат (наам) менен ал ат коюлган нерсенин ортосунда эч кандай реалдуу байланыш жок, ал байланып атты койгондордун сезиминде гана кармалып жүрөт.
Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Энчилүү aт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.