Эмгекти Коргоо

Эмгекти коргоо — эмгек процессинде адамдын коопсуздугун, ден соолугун сактоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу закон актыларынын, техникалык жана санитария-гигиеналык чаралардын системасы.


Эмгекчилердин ден соолугун сактоо, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, кесип ооруларын жана өндүрүштүк кырсыктарды болтурбоо мамлекеттин маанилүү иш-аракетинин бири. Биздин өлкөдө ар бир адамдын эмгектенүүгө, эс алууга жана ден соолугун сактоого укуктуулугу жөнүндөгү жоболор эмгек закондорунда (мисалы, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү закондор кодексинде) көрсөтүлгөн. Ал закондорго ылайык толук, толук эмес жана кыскартылган жумуш күнү белгиленген. Мекемелерде, ишканаларда, өндүрүштөрдө жумушчулар менен кызматчылардын толук жумуш убактысы жумасына 41 сааттан ашпоого тийиш. Кыскартылган жумуш күнү кесиптик зыяндуу шартта иштеген жумушчу, кызматчылар, жашы жете элек 15тен 18 жашка чейинки жумушчу, кызматчылар, ошондой эле мугалимдер, врачтар, инвалид - сокурлар жана башкалар үчүн белгиленет. Толук эмес жумуш күнү же убактысы администрация жумушчу же кызматчыны ишке алып жатканда макулдашылып чечилет. Ишкана, мекеме, уюмдардын администрациясы эмгекти коргоо боюнча нормативдик актыларда көрсөтүлгөн эмгек шарттарын камсыз кылууга, өндүрүштө травмага жол бербөөгө, коопсуздук техникасынын жаңы каражаттарын колдонуу, кесиптик оорулардын алдын алууга, санитария - гигиеналык шарт түзүүгө милдеттүү. Ошондой эле эмгекти коргоо боюнча эрежелер менен нормаларда коопсуз жана ден соолукка зыянсыз эмгек шарттарын түзүү, ишкана аймагын, өндүрүштүк жайларды максатка ылайык пайдалануу, жабдууларды туура иштетүү, технологиялык процесстерди туура уюштуруу, жумуш орундарын санитария-гигиеналык нормага ылайык күтүү жана башкалар талаптар камтылган. Коопсуздук техникасын жана өндүрүштүк санитарияны жакшыртуу максатында жыл сайын атайын каражат бөлүнөт.
Аялдардын организминин өзгөчөлүгүн эске алып, эмгек закондорунда кошумча жеңилдиктер көрсөтүлгөн, ошондой эле жаштардын, инвалиддердин эмгегин коргоо боюнча эрежелер белгиленген. Кош бойлуу жана балалуу аялдардын эмгегин коргоо боюнча атайын жоболор бар, кара Эне жана баланы коргоо.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Ден соолукЭмгекЭне жана баланы коргоо

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ТемпераментТурусбеков ЖусупЖандоочАндрон маданиятыАсан КайгыСуюктукБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыФразеологизмдерМанастын туулганыИшеналы АрабаевГалогендерПрозаКыргыз урууларыБелок структураларыКүн тутумуУлуу жибек жолуГигант планеталарЫсык-КөлАбстрактуу түшүнүкМанас эпосунун идеясыКыргызстандагы коло дооруЖунгар хандыгыПрокси серверТүшүндүрмө мүчөПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыТүлөбердиев ЧолпонбайТиричиликтин пайда болушуЖоон үндүүлөрДан өсүмдүктөрүӨмүр баянБашкы баракӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиКыргыз сомуЭмгекБруцеллёзПлантаторКыргызстан калкынын биринчи курултайыСүйүнбай ЭралиевЖыл мезгилдериВольфганг Амадей МоцартФерментЖусуп АбдрахмановМаданиятШилекей бездериКыргыздардын тарыхыНуклеин кислоталарыМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыИррационалдык санСан атоочКаакымБизнес-планЖылдыздуу асманБакайАлымбек даткаТүштүк АмерикаЭссеНерв тутумуДен соолукБиоценозТынч океанТаш дооруВикипедияЕвразияСиреньАба (атмосфера)Электрондук почтаБорбордук нерв системасыСайтАлай районуХанафий мазхабыАйтматов, ТөрөкулБайыркы кыргыздарАзияАянтМанастын күмбөзүКыргызстан тарыхыТоголок Молдонун чыгармаларыЭлектр каршылыгыУнитардык мамлекет🡆 More