Шовинизм

Шовинизм - (фр.

chaufinisme, Наполеон Iнин басып алуучулук саясатын жактаган солдат Шовиндин ысымынан) – улутчулдуктун ашынган формасы. Шовинизм улуттук артыкчылыкты даңазалап, өз улутунун кызыкчылыктарын башка улуттардыкынан жогору коюп, улуттук негизде көрө албастыкты, келишпестикти күчөтөт. 1831-ж. Францияда бир тууган драматургдар Коньярлардын «Үч түстөгү кокарда» аттуу пьесасы жарыкка чыккандан кийин Ш. термини жаралган. Пьесанын башкы каарманы агрессивдүү мүнөздөгү аскер болгон. Анын прототиби реалдуу инсан – наполеондук гвардиянын ардагери , «улуу Франция» идеясына берилген Никола Шовин болгон. Ошондон баштап Ш. ашынган улуттук экстремизмди билдирүүчү түшүнүк катары кирди. Шовинизмдин дагы бир түрү – улуу державалык шовинизм. Ал мамлекетте башкы (державалык) абалга улуттун идеологиясы жана саясаты ээ дегенди билгизет. Бул өзгөчө көп сандуу элдерге мүнөздүү. Улуу державалык шовинизмдин башкы максаты улуттарга саясий, экономикалык жана маданий үстөмдүк жүргүзүү. Шовинизмдин тарыхтагы ашкере түрү – фашизм. Шовинизмди жоюу үчүн улутуна карабай адамдын укуктарын жана эркиндиктерин теңчиликте кармап; экономикалык, саясий жана маданий чөйрөлөрдө бардык граждандарга бирдей мамиле камсыз кылуу зарыл.

Колдонулган адабияттар

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 435-б. ISBN 5-89750-150-5

Tags:

Франция

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Сот бийлигиСоветтер Союзунун баатырыСынган кылычНаристе балдарДивану лугати т-туркЭс алууПублицистикаКоёндор жапайыСөздүн маанисиТоталитаризмДааратАбдыкерим СыдыковБек БорбиевЖылкыБөйрөкИчки органдарТиричиликтин пайда болушуМаалымат технологиясыСүйлөмКөк бөрүАпрель революциясыКемтик сүйлөмУрал тоолоруУуланууКаада- салттар,ырым-жырымдарКитепКыргыз композиторлоруЖылдызМөңгүКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиОсмонбеков, АрстаналыСалыкИнтернетГигант планеталарСайтКыргыз Республикасынын президентиКыргыз улуттук оюндарыКыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС)МанасчыАйлана (математика)Дем алууКыргызстан калкынын биринчи курултайыПсихологияКоммуникацияЧакчылАк Мөөр (поэма)РибосомаларЖапонияКозу карындарТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүМузыка жана МанасКыргыз философиясыКурмангазы Сагырбай уулуКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиЖугуштуу ооруларМетеоритКүн тутумуТүп районуАлмамбеттин баяныЭкинчи дүйнөлүк согушНоокат районуАзербайжанТүргөш кагандыгыЛазерКөкө уулу ЖеңижокУлуу жибек жолуОкутуу технологиясыТабуИманалы АйдарбековТүркстан тоо кыркасыБайыркы славяндарМектепСейтекАлымбек даткаКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүЖумурткаАлыкул ОсмоновАбай КунанбаевМарт окуясы (2005)🡆 More