Мирзиёев Шавкат Миромонович (өзб.
Эмгек жолун Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун башчысы кызматынан баштаган. Андан соң Жызак жана Самаркан облустарын жетектеген. 2003-жылдан тарта Өзбекстандын премьер-министри кызматында иштеген. 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн өкмөт башчылыгына кайра келген.2016 жылдын 8 сентябрынан тарта Өзбекстандын президенттинин милдетинин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылдын октябрында Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп кайра шайланган.
Мирзиёев Шавкат Миромонович өзб. Mirziyoyev Shavkat Miromonovich | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
2016-жылдын 4-декабрынан тарта (у.м.а 2016-жылдын 8-сентябрнан - 4-декабрга чейин) | ||||
Андан мурунку: | Ислам Каримов→ Нигматилла Юлдашев (у. м. а.)→ | |||
| ||||
12-декабрь 2003 — 14-декабрь 2016 | ||||
Президент: | Ислам Каримов | |||
Андан мурунку: | Өткир Султанов | |||
Андан кийинки: | Абдулла Арипов | |||
| ||||
11-сентябрь 1996 — 11-декабрь 2001 | ||||
Президент: | Ислам Каримов | |||
Андан мурунку: | ? | |||
Андан кийинки: | Убайдулла Яманкулов | |||
Дини: | ислам | |||
Туулган жылы: | 24 -июль 1957 (66 жаш) | |||
Туулган жери: | Заамин району, Жызак облусу, Өзбек ССРи, СССР | |||
Партиясы: | Өзбекстан Либераль-Демократиялык Партиясы | |||
Билими: | Ташкент ирригация жана мелиорация институту | |||
Кесиби: | инженер | |||
Шавкат Миромонович Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунун Зааминс районунда туулган. Бирок айрым булактар Мирзиёевдин үй-бүлөсү Өзбекстанга 1960-жылдары барганын, Тажикстандын Уратюбинск облусунун Яхтан кыштагында төрөлгөнүн жазып келишет.
Шавхат Мирзиёев 'дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарган, ал эми апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок апасы кургак учук илдетин жуктуруп алып каза тапкан. Ошентип Шавкат жана анын эки карындашы энесинен эрте ажырап калган. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон.
Мирзиёев 24 жашында Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң ошол эле институтта кичи илимий кызматкер болуп иштеп, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган.
Шавкат Мирзиёевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор дагы болгон. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында мурунку президент Ислам Каримовдун сунушу менен Өзбекстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган.
Мирзиёев президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. 2016-жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип президенттик кызматына киришкен.
2017-жылдыр 6-7-мартында Өзбекстандын президенти катары алгачкы ирет чет өлкөгө иш сапары менен аттанып, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушкан.
2021-жылдын октябрында Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп кайра шайланган.
Өлкө башчынын жубайы Зироатхон Хошимова да Ирригация жана мелиорация айыл чарба институтунда окуган. Ал кезде Мирзиёев мугалим болуп эмгектенген. Ай чырайлуу сулуунун жүрөгүн багындыруу оңойго турган эмес. Анткени анын атасы Өзбекстандагы көрүнүктүү адамдардын бири, министр болгон. Мирзиёевдин өжөрлүгү акыры сүйүүсүнө жеткирген.
Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзиёевдин жансакчысы экенин жазып жүрүшөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Шавкат Мирзиёев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.