Фриз аралдары - Түндүк деңизиндеги архипелаг.
Европанын түндүк-батышында. Нидерланд (Батыш Фриз аралдары), Германия (Чыгыш жана Түндүк Фриз аралдарынын түштүк бөлүгү) жана Даниянын (Түндүк Ф. а-нын түндүгү) курамына кирет. Жалпысынан 62 аралдан туруп, деңиз жээктей 250 кмге созулуп жатат. Аянты 480 мин км2 (толкундун жана шамалдын таасиринен өзгөрүп турат). Сайроондор (ваттар) аркылуу материктен бөлүнөт. Дюналар (бийиктиги 20 жге чейин) кездешет. Вереск бадалы, мырза карагай токойлору өсөт. Дениз куштары уялайт. Бир нече резерват уюштурулган. Деңиз курорттору бар. Фриз аралдарын жээктей маанилүү деңиз жолдору өтөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фриз аралдары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.