Урал тилдери - финн-угор жана самодий элдери сүйлөгөн тектеш тилдер уясы.
Түндүгүнөн Таймыр жарым аралдары менен Норвегиянын түндүтүнө, түштүгүнөн Обь дарыясынын ортоңку өндүрүү менен Словакиянын түндүгүнө чейинки аймактарга таралган. Топонимика менен гидронимиканын маалыматтарына караганда, урал тилдери мындан да кең аймакка таралганы байкалат. Кээ бир урал тилдери дээрлик жоюлуп кеткен. Урал тилдери өз ара финн-угор тшдери жана самодий тилдери деп эки чоң тармакка ажырайт.
Бул тилдердин тектеш экени мына бул белгилери менен ырасталат: лексикасы негизинен бирдей катмардан турат; сөз жасоочу жана сөз өзгөртүүчү формалары окшош; баарында тең кыймыларакеттин көп кайталанышып же ыкчам болуп өтүшүн туюнтчу мүчөлөр арбын ж. б. Ошондой болсо да азыркы урал тилдеринин кээ биринин өз ара айырмалуу жактары көп. Маселен, урал тилдерине кирген пермь, мари тилдери мүчөлөмө (агглютинациялама) тилдер болсо, саам, балтика бою финн тилдери - флексиялама тилдер, ханты тили 3 эле жөндөмөлүү болсо, венгр тили 23 жөндөмөлүү. Урал тилдерин изилдөөчү мекемелер Россия, Венгрия, Финляндия, Германия, АКШ, Швеция, Норвегия, Франция, Япония да бар.
Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Урал тилдери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.