Укмуштуу Халк (англ. The Incredible Hulk, орус.
Тасманы Луи Лотерье тартып жана сценарийин Зак Пен жазган. Тасмада роль жараткандар: Эдвард Нортон, Лив Тайлер, Тим Рот, Тим Блейк Нелсон, Тай Буррел жана Уиллиям Херт. "Укмуштуу Халк" тасмасында гамма радиациясы аркылуу супераскер программасына күч бериш үчүн, аскерий системада Брюс Баннер макулдуксуз түрдө Халкка айланат. Качкында жүргөн учурда Генерал Таддеус Росс туткунга алганга чейин, Халк өзүн даарылоого аракет кылат. Бирок укмуштуу күчкө ээ болгусу келген Эмил Блонски Халктан да зөөкүр жанга айланып, Халктын эң коркуп жаткан ою ишке ашат.
"Укмуштуу Халк" - 2008-жылы, 8-июнда Калифорния штатынын "Universal City" шаарындагы Гибсон кинотеатрында алгачкы жолу көрсөтүлгөн жана башка аймактарда 2008-жылы, 13-июнда көрсөтүүгө берилген. Тасманын мыкты визуалдык эффектилери, экшндын ырааттуулугу жана баш каармандын аткаруусу сынчылардын алкышына ээ болгон. Тасма дүйнө жүзү боюнча 263 миллион АКШ долларын табуу менен эң кирешелүү тасмалардын катарында биринчи орунду ээлеген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Укмуштуу Халк, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.