Арктика алкагы - Жердин эң түндүгүндөгү географиялык алкак.
Арктиканын басымдуу бөлүгүн ээлейт. Алкактын чеги эң жылуу айдын (июль же август) 5°С изотермасы боюнча жүргүзүлөт. Алкакка радиациялык баланстын терс же бир аз оң мааниси, арктика аба массасынын үстөмдүк кылышы, узакка созулган уюлдук түн, абанын жана океан суусунун үстүнкү катмарынын муздактыгы мүнөздүү. Алкактын кургактагы бөлүгүндө муздуу же таштуу арктикалык чөл ландшафты үстөмдүк кылат; айрым жерлеринде тундра да кездешип калат. Түндүк муз океандын басымдуу бөлүгү муз менен капталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Түндүк полярдык тегереги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.