Тяньцзинь - Кытайдын түндүк-чыгышындагы шаар.
Хайхэ дарыянын боюнда, Улуу Кытай каналы менен кесилишкен жеринде, Сары деңиздин Бахайвань булуңуна жакын жайгашкан порт. Калкы 3,6 млн (2010; шаар айланасы менен 6,4 млн). Жолдор тоому. Метрополитен иштейт. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн ири порт комплекстеринин бири. Пекиндин деңиз аванпорту (чоңчон контейнер терминалдары бар). Паром ар кылуу Түштүк Кореянын, Япониянын порттору мн байланышат. Жанаша жайгашкан аймактар менен борборго баш ийген өз алдынча адм.-айм. бирдикти түзөт. Кытайдын башкы экон. борборлорунун бири.
Өнөр жайынын башкы тармактары - машина куруу, электроника (алардын ичинен мобилдүү телефондор, цифралык фото-видеокамералар), автомобиль кураштыруу, кеме, станок куруу, ар түрдүү өнөр жай жабдуулары (алардын ичинен хим. машиналар), кара металлургия, тамак-аш (алардын ичинен ун) өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор, театрлар (опера), музейлер ж. б. бар. Т. 13-кылымда балыкчылардын тургун жайы Чжигунун ордунда пайда болгон (1404-ж.). 1405-жылдан азыркы атында.
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тяньцзинь, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.