Тыбыш - сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр.
Тыбыштарды угабыз, бирок көрбөйбүз. Мисалы, турмуш деген сөздү алсак, ал кулакка угулган айрым [т], [у], [р], [м], [у], [ш] деген 6 тыбыштан куралган. Тыбыштар сүйлөө органдарынын кыймылына жараша пайда болот, б.а. тыбыш жасоодо өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ооз көңдөйүндө жолтоого учурабаса үндүү тыбыштар - [а], [о], [э], [и] ж.б., ал эми ооз көңдөйүндө ар кандай жолтоолукка учураса, үнсүз тыбыштар - [к], [м], [р], [с] ж.б. пайда болот. Бардык эле тамга тыбышты билдирбейт, же тескерисинче кыргыз тилиндеги бардык тыбыштардын өзүнө тиешелүү тамгасы жок. (Бул көрүнүш кыргыз алфавитиндеги такталууга муктаж болгон маселелердин бири.)
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тыбыш, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.