Туташтырма ткань түзүлүшү жана аткарган милдети боюнча эң ар түрдүү.
Туташтырма ткань ныкталган, чоюлгуч жана көпшөк талчалардын арасында жайгашкан клеткалар жана клетка аралык заттардан турат.
Туташтырма ткань накта туташтырма, кемирчек жана сөөк ткандарына бөлүнөт. Ал органдардын негизин түзөт, зат алмашуу иштерине катышат жана коргоо милдетин аткарат. Накта туташтырма ткань көпшөк жана ныкталган чың ткандан турат. Көпшөк ткандын ар багытты карай кеткен талчалары торчолорду түзөт. Ал торчолордун арасында клеткалар чачылып жайгашат. Мисалы, сөөктүн кемик торчолорунун ичинде кызыл кан денечелери, көк боор жана лимфа түйүндөрүнүн торчолорунда алардын клеткалары жатат. Чың ткандардын клеткалары бири-бирине тыгыз жайгашып, аларга чоюлуу жана жыйрылуу касиетин берет. Буларга тарамыш жана каргыштар кирет. Кемирчек жана сөөк ткандарында абдан катуу жана бышык клетка аралык зат бар.
Кемирчек ткандары нык, жаркырак жана талча ткандардан турат. Жаркырак кемирчек ткандары жиликтердин ашташуучу башында жолугат. Ал эми ныкталган талча ткандар омурткалардын ортосундагы жана кээ бир муундардын арасындагы кемирчектерди түзөт. Сөөк тканы сөөк клеткасынан жана органикалык эмес заттардан туруучу клетка аралык заттардан түзүлөт. Кемирчек тканын сыртынан хондроцит клеткасы каптап турат. Кемирчек тканы учко болунот. 1. Гиалин 2. Ийилгичтуу 3. Серпилгичтуу
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Туташтырма ткань, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.