Токуу

Токуу - белгилүү, дайыма кайталанып туруучу ыкмалардын жардамы менен жиптен илинчектерди жасоо аркылуу жасалгаларды жасоо техникасы.

Илинчектер жиптерди биринин үстүнө экинчисин таштоо, чырмалыштыруу, ошондой эле түйүндөө жолдору менен жасалат. Токуу кол менен да, механикалык жол менен да жүргүзүлөт. Кол менен токууда манжалар менен же илмек, чөлмөк ж.б. каражаттар менен иштөөгө болот. Археологиялык маалыматтарга жана азыркы аңчылык, жыйноочулук, балыкчылык менен тиричилик кылган элдерде кездеме жасоонун таралышына таянып, жогоруда аталган ыкмалар маданияттын эң алгачкы баскычтарында эле пайда болгон деп айтууга болот. Мындай жасалгаларды азыр Түштук Америкада, Жаңы Гвинеяда жана Австралияда кезиктирүүгө болот. Бул ыкмалар менен буюмдарды ташуу жана сактоо каражаттары, аңчылык жана балыкчылык торлору, кийим, кооздук буюмдары, эс алуу жана түнөө жайлары (Түштүк Америкадагы гамактар), сыйынуу буюмдары ( Жаны Гвинеяда бет кап, бийлөөчүлөрдүн шарттуу белгилери) жасалган. Узун ийнелер жана илмек менен токуу маданияты кыйла жогору турган элдерде тараган, бирок эрте дыйканчылыктагы элдерде да жолугат.

Илмек, узун ийнелер менен токуу ыкмасы өнүккөн жерлерде эски ыкмалар унутулган. Уруулук коомдо токуу көбүнчө аялдардын жумушу болгон, ага эркектер да аралаша алган. Кол менен токуу көбүнчө узун ийнелер аркылуу ишке ашырылган. Ийнелер жиптин жоондугуна карата жасалган жана байпак, кол кап ж.б. токулган. Узун ийнелер менен токуу Афганистанда, Турцияда, Сирияда, Монголияда, Түндүк Кавказ элдеринде эзелтеден кеңири колдонулган.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Сот бийлигиТеңир-ТооПластмассаКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыТаң алдында (роман)Кудаяр ханКалктын иш менен камсыз болуусуКожомбердиев ТурарКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарАндрон маданиятыТоктоболот АбдумомуновЛексикологияКошожашСейтек эпосуКөзКөк жөтөлСинтаксисПолот ханЭкосистемаОсмон империясыМенеджментКорукКиринди сөзАтоочтукШекер (айыл)Сөз түркүмүАрстанбек Буйлаш уулуСайтКөкөтөйдүн ашыТамсилИнтеграцияМителерАк кеме (чыгарма)Сүт эмүүчүӨнөр жайАйыл чарбаны коллективдештирүүПублицистикаКөп маанилүү сөздөрӨзгөчө кырдаалЖөндөмө категориясы«Көкөтөйдүн ашы»КүнЭмгек ырларыЖапонияБиологияБашкаруу байланышыКокон көтөрүлүштөрүИндустриялаштырууАта-БейитАт жабдыктарыАйАнтонимКомузБаткен районуМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыИсламКыргызстандын гимниЭкинчи дүйнөлүк согушКан айланууКыргызстандын шаарларыКоруктарБруцеллёзАнатай ӨмүркановСыдыков, ДөөлөтбекМиланКазат АкматовОсмонкул БөлөбалаевМамлекеттик бюджетБаяндамаСийдикЗаара бөлүп чыгаруу системасыЧүйКеп маданиятыМал чарбасыТаштандыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичИталия🡆 More