Скипидар — татаал аралашма, негизинен терпен углеводородунан С|0Н|6 турган кескин жыттуу тунук суюктук, кайноо t 153-180°С, тыгызд.
0,85-0,86г/см3 , уюлдуу эмес эриткичтерде жакшы эрийт, сууда эрибейт. С. сагыз өңдүү (кедр, карагай), чайыр сымал (ийне жалбырактуу дарактан алынган зат) түрлөрү белгилүү. С. реакцияга өтө жөндөмдүү, абада, химимялык окистендиргичтерге (NHО 3, Сr2О3) оңой окистенет, озон, галоген, суутек галогениди, азот оксиддери менен реакцияга кирет. С. өндүрүштө лактар, боёктор, эмаль эриткичтерин, ошондой эле синтет. камфоралар, терпингидрат, майлагыч майлар, жыпар жыттуу заттар алууда сырьё катары жана мед-да, турмуш-тиричиликте кеңири колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Скипидар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.