Селжуктар (Селжук уулдары) (орус.
Selçuklular, түркм. Seljuklar, перс. سلجوقیان Saljuqiyân, араб. سلاجقة Saljuq, as-Salājiqa) – түркмөндөр, осмондор, гагауздар жана азербайжандар сыяктуу эле батыш түрктөрүнө кирген, огуздардын кынык уруусунун бир бутагы. Уламыш боюнча 955-жылы Сырдарыядагы Жендге келип конгон жол башчысы Селжуктун аты менен аталып калган; анын неберелери Тугрул бек менен Чагры бек мыкты каратуучулал болушкан. Селжуктардын жалпыбийликтүү султандары болгондор Тугрул-бек (1035, 1058—1063), Чагрыл-бектин уулу Алп-Арслан (1063—1072), Мелик-шах (1072—1092) болушкан.
955-жылы аскербашы (сүбашы) болгон Селжук Огуз мамлекетинен бөлүнүп, өзүнө караштуу огуздарды алып Женд аймагына отурукташкан жана ушул учурда ислам динин кабыл алган. Анын неберелери болгон Туурул бек менен Чагры бектен баштап, бара-бара селжук уулдары чоң мамлекет куруп, көп жоортуулдарды жасашкан. Селжук уулдары көп аймактарда өздөрүнүн бийликтерин жүргүзгөн жана кийинчерээк мамлекетин майда султандыктарга бөлүп башкарып кетишкен.
Селжуктар — түрк-перс[1][2][3][4][5] сулалеси (династия) болуп саналат.
Дукак уулу Селжуктун уулдары: Микаил, Арслан жабгу, Муса жабгу, Йусуф инал, Йунус
1. Микаилдин уулдары: Чагры бек жана Туурул бек. Туурул бектин уулу болгон эмес.
Чагры бектин уулдары Кавурд, Алпарслан, Йакути, Сулейман
2. Арслан жабгунун уулу Кутулмуш.
3. Муса жабгунун уулу Хасан
4. Йусуф иналдын уулу Ибрахим инал
5. Йунустун уулу Ербасан
Ирак Селжуктары Махмуттан башталат.
Мухаммет Тапардын уулдары: Махмут, Месут, Тугрул, Даут, Селжукшах, Сулейманшах
Түркия Селжуктарын Сулейман-шахтан негиздеген. Сулейман-шахтын атасы Кутулмуш Селжуктун небереси болгон.
Сулейман-шахтын уулдары: Кылыч Арслан, Кулан (Давуд)
Кылыч Арсландын уулдары: Шахиншах, Месуд, Арап, Тугрул
Сирия Селжуктары Тутуштан башталат. Тутуш болсо Алпарслан султандын уулу болгон жана Меликшах султан менен бир тууган болгон.
Тутуштун уулдары: Рыдван, Дукак, Ерташ
Кирман Селжуктарынын неиздөөчүсү Кавурд Чагры Бек султандын улуу уулу болгон жана Алпарслан султандын бир тууган агасы болгон.
Кавурддун уулдары: Кирманшах, Султаншах, Хусейин, Тураншах
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Селжуктар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.