Сары-Белес тоосу - Борбордук Теңир-Тоодо.
Какшаал тоонун түн.-батыш тармагы.
Текелик ж-а Көккыя сууларынын (Аксай суусунун оң куймалары) аралыгында дого сымал кеңдик багытта созулуп жатат. Уз. 24–25 км, туурасы 6–7 км. Орт. Бийикт. 3800–4200 м, эң бийик жери 4613 м. Кыры аскалуу, капталдары тик капчыгайлуу. Мөңгү ж-а анын аракетинен пайда болгон көл бар. Девон м-н карбондун кумдук, сла-нец, акиташ теги; конгломерат, кремнийлүү чөкмө тектеринен турат. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, шалбаа (3300–3400 м бийиктикке чейин), субнивалдык суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сары-Белес тоосу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.