Псков – Россиянын түндүк-батышындагы шаар (903-жылдан).
Псков областынын административдик борбору. Улуу дарыясынын Псков дарыясына куя бериште жайгашкан. Калкы 203,0 миң (2012). темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Облустун башкы дарыя порту. Машина куруу (ири ишканалары: «Псков электр машина куруу заводу», «Псков механика приборлор заводу», «Псковкабель», «Автоэлектрарматура» ААКтары, «Точлит заводу» ЖАК), «Энергия», «Пром-Пик» ЖЧКлары, тамак-аш, электр энергетика, жеңил (айрыкча зыгыр) өнөр жай ишканалары өнүккөн. Шаар 903-жылдан эскерилет. 1348-жылдан Псков Республикасынын борбору болгон. 1510-жылдан Орус мамлекетинин курамында. Мирож (1156-жылга чейин), Иван (1243-жылга чейин), Снетогорский (1310) соборлуу монастырлары, Косьма жана Дамиан (1463), Георгий чиркөөлөрү, Поганкиндердин палатасы (1645-жылга чейин; азыркы Псков тарыхый-көркөм жана архитектура музей коругунун имараттарынын бири) сакталган. Туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Псков, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.