Пловдив

Пловдив (мурдагы Филиппополь) – Болгариянын түштүк бөлүгүндөгү шаар.

Марица дарыясынын боюнда жайгашкан. Пловдив облусунун административдик борбору. Калкы 400,0 миң (2010). Өлкөнүн борбору Софиядан кийинки (чоңдугу, экономикалык, жана маданий мааниси боюнча) 2-шаар. Ири жолдор тоому. Айыл-чарбалуу жогорку Фракия ойдуңунун соода-өнөр-жай борбору.

Пловдив
Пловдив.

Тарых

Европадагы эң эски шаарлардын бири. Франциялыктар Эумолпиада (Эумолпиас) деп аташкан. Б. з. ч. 342–41-жылдары Филипп II Македонский тарабынан Филиппополь деген ат менен негизделген. Европадагы эң байыркы шаарлардын бири. Славяндар Плендив деп аташкан. Антика мезгилине таандык түрк минарети (15-кылым), мечит (15-16-кылымдар), чиркөөлөр (19-кылым), базилика, байыркы терм (мончо), коомдук жана тургун жайлар, саат мунарасы сакталган. Тамак-аш – татымал, жеңил, машина куруу, түстүү металлургия өнөр-жай ишканалары иштейт. Балкан жарым аралындагы эң кооз шаар. Шаардагы 200дөн ашык курулуш «тарыхый эстелик» деп жарыяланып, коргоого алынган. Университеттер, музыка академиясы, улуттук китепкана, сүрөт галереясы, археологиялык жана этногр. музейлери бар. Эл аралык ярмарка ансамбли (1948–49), «Алёша» эстелиги (советтик жоокерлерге арналган; 1954) курулган. Жыл сайын эл аралык ярмаркалар (1933-жылдан), бүт дүйнөлүк көргөзмөлөр (1981, 1985, 1991) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

БолгарияШаар

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргызстандын тышкы саясатыКызамыкТөрт бурчтукКыргызстандагы таш дооруЖөтөлгө каршы дарыларЖумурткаСейтекТүрк кагандыгыКонституцияМузыка жана МанасКош бойлуулукЭкологияИманалы АйдарбековКанаат ханЭлектр чыңалуусуДабан мамлекетиСак цивилизациясыКөк бөрүБразилияМанасКасымалы БаялиновСөз түркүмүГаздардагы электр разрядыОктябрь революциясыКалийЖасалма интеллектЧүйБаш сүйлөмДааратКокон көтөрүлүштөрүӨспүрүм балдарЖасалма тандооЖөндөмө категориясыШамалАдеп тарбиясыМорфологияОрто АзияАалы ТуткучевИнсанТолубай сынчыКометаКүн тутумуКыргыз улуттук оюндарыОозул (стоматит)КаныбекМенингитКыргызстандагы алгачкы билим берүүАрменияУлуу БританияМанас эпосу, ЭнциклопедияЭлектр кыймылдаткыч күчүСөздүн маанисиСөөк системасыСот бийлигиЖогорку окуу жайыБир өңчөй мүчөЧолпонАк канОрфографияМакмал алтын кениЛазерБайчечекейЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиҮчтүк союзАскердик уставдарКлиматДмитриев, Николай МихайловичАянтКалыгул Бай уулуКошчу союзуМээБуржуазиялык революцияЖер-суу реформасыСейтек эпосуКыргыз оюм чийимдериЖыл сүрүү жадыбалыМанап бий🡆 More