Пастель

Пастель (французча  pastel, итал.

pastello; «пастэль» деп окулат) – П. деп аталган живопистин (же сүрөт тартуучунун) өзгөчө техникасы үчүн арналган боёк материалы. Ал кагазга оролгон кыска түрдүү таякчалардан (карандаш деп аталган) даярдалат жана кургак боёк күкүмүнөн же агартуучу заттардын кошундусунан турат. Пастелдик карандаштар катуу, орто жана жумшак болот. Пастелдик боёктор менен тартылуучу живопись (сүрөт тартуу) техникасы да П. деп аталат. П. менен атайын даярдалган картондун, кагаздын кээ бир сортторунун тегиз эмес үстүндө катуу карандаш менен баштап, жумшак карандаш менен бүтүрүп иштешет, ал эми боёк күкүмү колдун манжасы менен тегиз жеткирилип, сейрек растушка менен сүртүлөт. П. үчүн боёк катмарынын баркыт сымал жылтырабаган үстүңкү бети, таза жана ачык өң мүнөздүү. Бул техниканын эң башкы жетишпеген жагы – боёктун оңой күбүлүп түшүп калчу үстүңкү бетиндеги бөлүкчөлөрүнүн начар жабышып турушу; аларды бекемдөө П-дин негизги жакшы жактарынын бир бөлүгүн жоготуп коюу менен калыбына келтирилет. П. кыл калем менен суулуу соус техникасы аркылуу аткарылат. Бул ыкма боёк катмарын бекемдейт, бирок сейрек колдонулат, себеби пастель живописинин мүмкүнчүлүктөрүн жардылантып жиберет.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ИбрагимКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаКыргыз сомуКыргыз Республикасынын БаатырыСүннөт тойКара кытайлар (кара кидандар)Сырдык сөзГазИдирис АйтбаевКыргызстандын географиясыМарсУлуу Ата-Мекендик согушБаткен облусуГлобалдык көйгөйлөрАрчаИшеналы АрабаевБазар экономикасыЮпитерБөрү жатышШокСтамов АсанбекЗаара бөлүп чыгаруу системасыСеметейдин Букардан Таласка келишиАлгачкы СоветтерПесталоцци Иоганн ГенрихЖумурткаАбанын булганышыTik TokЖусуп БаласагынСуданЭмчектеги балаАтоочтукМүнүшкөрКылым карытар бир күнЭволюцияУлуу БританияМиң сомСаякАт — адамдын канатыКыргыз ашканасыУсун мамлекетиБаланын укуктары жөнүндө конвенцияБедияров АрзыбекКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүЧыйырдыТабигый кырсыктарЖатындан тышкары бойго бүтүүКыргыз тилинин грамматикасыСатираКызылча (оору)ДарыЛексикалык мааниКасымалы ЖантөшевАлтын тамырАнглис тилиБөйрөк ишинин начарлашыСинтаксисШилекей бездериАбдыкадыр Орозбеков«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»Исхак РаззаковКыргыздын элдик музыкалык аспаптарыЖыланЖөтөлЭнесай кыргыздарыСүрөЖолон МамытовТери ооруларыМакал лакапПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыЖүрөкЖентек той, бала көрүүСПИДПлантаторАмир ТемирКарбон кислоталарыЗат атооч🡆 More