“Огуз – наме” (Огуз жөнүндө жомок), “Өгүз каган”,”Огуз каган” эпосу – тектеш түрк калктарынын баарына бирдей тиешелүү эпостук чыгарма.
”Огуз каган” жөнүндөгү дастан мурдатан эле эчендеген аалымдарды кызыктырып келген.
Дастандын алгачкы баяны 13-кылымда көөнө уйгур ариби менен катка алынган Рашид ад-Диндин атактуу “Жамаагат тарыхынан”, Абылгазынын “Түрк санжырасынан” ачык көрүнөт. Огуз каган жөнүндө санжыраларда, уламыш – легендаларда айтылат. Бул чыгармага көңүл буруу 18- кылымда эле башталат. Анын айрым үзүндүлөрүн немис окумуштуусу Ф.Дитц1915-жылы которот. Ошондон бери К.Бичурин, В.Радлов, А.Бернштам, А.Щербак, А.Кононовдор кайрылышкан.
Кийинки кездерде Огуз баянына кызыгуу жанданып, 1987- Рашид ад –Динге таандык “Огуз наменин” Стамбулда сакталып турган нускасы илимий жагынан жабдууланып Баку шаарында жарыяланды. 1988- жылы илимпоз маркум Кулмат Өмүралиевдин “Огуз кагандын тили” деген эмгеги жарык көрөт. О.э. 1989- жылы “Ала –Тоо” журналына азыркы кыргыз тилине салынган 42 түрмөктөн турган үзүндүсүн Ч. Өмүралиев жарыялады. Кийин акын Абдылда Карасарт уулу да “Огуз наменин” айрым жерлерин кыргызчалатып, 1994-жылы “Заман Кыргызстан” гезитине жарыялады.
“Огуз -наме” мифологиялык ары көркөм, ары тарыхый чыгарма. Бул чыгарма кара сөз жана проза түрүндө учкул, жорго сөздөр менен жазылган. Андагы негизги маселе – элдерди биримдикке, эрдикке, адамгерчиликке үндөө, калкты тышкы душманга каршы күрөшкө чакыруу.
Огуздар – байыркы, көөнө түрк урууларынын бири. Алар Сыр дарыясынын төмөнкү агымында жашаган, ири Жаңыкент өңдүү ордо шаарлары болгон. 10-кылымдарда алардын өзүнчө мамлекети болгон. Алар Киев русу менен мамиле- алакада болгон, аларга кошулуп Хазар кагандыгына каршы согушуп да көрүшөт. Кийин орустар менен кошулуп, Эдил жана Кама өзөндөрүнүн боюндагы булгарларга каршы күрөшүп, таш-талканын чыгарып жеңет. Мына ушундай Огуздардын жоокерлик турмушу – Огуз каган жөнүндөгү дастандын жаралышына негиз болгон.
Ж. Шериев.” Байыркы адабият тарыхы”
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Огуз наме, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.