Никотин (француз nicotine, Францияга тамекини 1-жолу алып келген француз дипломат Ж.
Никонун атынан) – тамекинин жалбырагы менен уругунда таанылган жана башка өсүмдүктөрдө кездешүүчү уу алкалоиддердин бири. Суу менен жакшы аралашуучу өзгөчө жыттуу, түссүз суюктук. Абада кычкылданып, күрөң түскө өтөт. Аз өлчөмдө болсо борбордук нерв системасын дүүлүктүрүп, дем алууну кыйындатып жана кан басымын жогорулатат, көбүрөөк өлчөмдөгүсү нерв системасын шал оорусуна дуушар кылат же өлүмгө алып келет. Узак убакыт тамеки тарткан адамдын организми өнөкөт ууланууга учурайт. Никотин ветеринарияда тери ооруларын дарылоодо, айыл чарба зыянкечтерине каршы күрөшүүдө инсектицид катары, ошондой эле никотин комитетасын жана анын амидин алууда колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Никотин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.