Неман дарыясы (литвача Нямунас) – Беларусия, Литва жана Россия аркылуу аккан дарыя.
Узундугу 937 км, алабынын аянты 98,2 миң км2. Минск дөңсөөсүнүн түштүгүнөн башталып, Неман оёңу, Балтика жалчасы (мында босоголорду пайда кылат), Ортонку Литва ойдуңу аркылуу агат да, Балтика деңизиндеги Курши булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Нярис (Вилия) – оң, Щара, Шяшупе – сол. Орточо чыгымы 685 м3/сек. Жазында суусу кирип, жайында, күзүндө жана кышында жамгырдан ташкындайт. Декабрдан марттын аягына чейин тоңот. Неман каналдар аркылуу Преголя дарыясы, Днепр (Огинский каналы; азыр соолуп калган) жана Висланын (Август каналы) алаптары менен туташат. Немандын алабындагы суунун жартысын Вилея-Минск суу системасы аркылуу Днепрдин алабына бурат. Чатынан 782 кмге чейин (Каунас ГЭСинде токтойт) кеме жүрөт. Боюнда Гродно, Друскининкай, Каунас, Советск жана башка шаарлар жайгашкан.
Неман дарыясы | |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 937 км |
бассейндин аянты | 98 200 км² |
Суу агымы | |
Аягы | Балтика деңизи |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Калып:Өлкө желеги/Беларусия, Литва, Орусия |
ОМСР | 01010000112104300000215 |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Неман дарыясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.