Михаил Лермонтов

Михаил Юрьевич Лермонтов - Орус элинин улуу акыны, прозаик жана драматург.


Михаил Лермонтов
Михаил Лермонтов (1837)

Өмүрү таржымалы

Ал 1814-жылы 15-октябрда Москвада аскер кызматчысынын үй-бүлөсүндө туулган. Балалык чагы Пенза дубанындагы Лермантов (Тархан) кыштагында өтөт. 1827-жылдан баштап Москва университетинин алдындагы Пансиондо окуп, ал жерде В.Г. Белинский, А.И. Герцен, Н.П. Огаревдер менен бирге болушу акындын чыгармачылык шыгынын артышына, коомдук саясий көз карашынын кеңейишине таасир тийгизген. Ал 1841-жылы 27-июнда 27 жаш курагында душмандар тарабынан уюштурулган эрөөлдө Мартыновдун огунан каза болгон.

Чыгармачылыгы

1830-жылы акындын алгачкы "Жаз" аттуу ыры "Атеней" журналына басылып чыккан. Буга удаа "Испандар", "Кызыктай киши", "Маскарад" драмаларын, "Монолог", "Күн келет", деген ырларынын жана бир нече поэмаларын жана бир нече поэмаларын жараткан. Бул ырларында Ата-Мекенди, эркиндикти сүйүү темалары орун алган. Акын "Алдын ала айтуу", "Эркиндиктин акыркы уулу" аттуу ырларында эркиндик үчүн жанын аябаган байыркы славян баатырларынын үлгү алууга өзүнүн доорундагы жаштарды чакырган. Ал эми 1837-жылы жазылган "Акындын өүмү" деген ыры үчүн камакка алынып, Грузияга сүргүнгө айдалат. Бул ырында Пушкиндин өлүмүнө элдин кайгыруусун көрсөтүп, акындын тегерегинде жашыруун жүргүзүлгөн душмандыкты, өлтүрүүнү уюштурган ак сөөктөрдүн айыбын ачкан. Сүргүндө жүргөн жылдары ал грузия интеллигенттери жана тоолук калктын турмушу менен таанышат. Ошондуктан анын кийинки ырларында жана "Демон" поэмасында Кавказдын гүлдөгөн өрөөндөрүнүн көрүнүштөрү, тайманбас духу жөнүндө баяндалган. 1839-жылы эл арасынан жазылып алынган "Ашык Карып" жомогунун негизинде "Качкын" поэмасы, ага удаа "Современник" журналына 1812-жылдагы Ата-Мекендик согуш жөнүндө, орус элинин кайраты, баатырдыгын баяндаган "Бородинио" деген ыры басылган.

Эмгеги

Михаил Лермантов өзүнүн кыска жана оор шартардагы жашоосунда легендарлуу баатырдыктын улуу иштерин бүтүрүп, он эки жылдык чыгармачылык ишинде төрт жүздөн ашуун ыр, бир нече классикалык поэма, драма жана романдарды, өмүрүнүн акыркы айларында "Мекен", "Аска", "Талаа", "Баракча" сыяктуу бийик пафостогу чыгармаларды жазган. Орус элинин Тургенев, Толстой, Чехов, Горький өндүү жазуучулары Лермоноcовду өздөрүнө жол даярдаган адам катары көрүшүп, анын чыгармаларына кайрылуу менен ага жогору баа беришкен. Кыргыз акын-жазуучулары анын бир нече чыгармаларын кыргызчалашкан жана ага арналып жазылган ырлары 1964-жылы "Арноо" деген ат менен басылып чыккан.

Адабият

  • Лермонтов М.Ю. Биздин замандын уулу: Роман / Котор.: А. Жакыпбеков - Ф.: Кыргызстан, 1980.- 188 б.
  • Демон: Повесть / Котор.: З. Мамытбеков - Ф.: Мектеп, 1972.

Tags:

Михаил Лермонтов Өмүрү таржымалыМихаил Лермонтов ЧыгармачылыгыМихаил Лермонтов ЭмгегиМихаил Лермонтов АдабиятМихаил ЛермонтовДраматург

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Эр ТөштүкЖакиев БексултанКурманбек эпосуКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүОрто АзияБоз үйТүштүк АзияЩелочтуу металлдарАрстанбек Буйлаш уулуФатима АбдаловаМаданиятЖаратылышЗаара бөлүп чыгаруу системасыЭлектр зарядыӨнөр жайКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиСуутекБайыркы Египет маданиятыЖолон МамытовЖумурткаРуханий маданиятБакайБөлүп чыгаруу системасыТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүСтильКыргызстан тарыхыПлазмаКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиКыргызстандын дары сууларыСаруу (уруу)БөйрөкКоррозияАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиЭтиштин чактарыЖер титирөөСары-Челек биочөйрөлүк коругуКыргыз тилинин тарыхыПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыОсмонбеков, АрстаналыШырдакЖалал-Абад облусуАта-БейитЖалал-АбадКыргыз Ала-ТооТабигый кырсыктарАппендицитМамлекеттердин тизмесиИталияДабан мамлекетиПланетаТөрт бурчтукАжар (повесть)АнглияОлимпиялык оюндарГенетикаСаспаев АманЖылдызСууга чөгүүАнтонимМорфологияПрозаКаныбекСүйлөм мүчөлөрүЖылкыКүн тутумуКылым карытар бир күнГепатит АТөрөтГалогендерКаакымЭнесай Кыргыз кагандыгыБарсбек каганКасымалы БаялиновКыргызстандын чек араларыБектурсун АлымовОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууКыргыз улуттук оюндары🡆 More