Мимесис (гр.
mimesis – тууроо) – байыркы грек философиясындагы жана эстетикасындагы термин. Тууроо (мимесис) катары искусствого көз караш пифогаризмде (музыка асман шайкештигин тууроо катары ж. б.) айтылган, Платон жана Аристотелдер өнүктүргөн. Платондун айтуусу боюнча көзгө көрүнгөн дүйнө реалдуулукту тууроочу идеялардын, искусствонун жогорку дүйнөсүн тууроо (мимесис) болуп эсептелет, тууроону тууроо гана болуп эсептелет. Аристотель тууроого умтулуу дегеле тирүү жандыктарга, ал эми адамдарга өзгөчө мүнөздүү деп эсептеген; тууроо искусствонун маңызын түзөт, ал эң жаман нерселерди сүрөттөгөн учурда да канааттануу берет.
Колдонулган адабияттар
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мимесис, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.