Мамлекеттик вена операсы (1918-жылга чейин Вена сарай операсы) — ири опера театры, Австрия муз.
маданиятынын борбору.
Ал 17-кылымда пайа болгон. К. В. Глюктун опера реформасынын таасиринен 18-кылымдын ортосунда улуттук опера стили калыптанган. 80-жылдардан тартып Г. Рихтер (1875-жылдан муз. директор жанa дирижёр), айрыкча Г. Малердин (1897—1907-ж. театр жетекчиси) ишмердиги менен Европадагы мыкты опера театрларынын бирине айланган.
Мында В. А. Моцарт, Л. Бетховен, Ж. Верди, Р. Штраус ж. б. менен катар биринчи жолу П. И. Чайковскийдин («Евгений Онегин», «Иоланта» ж. б.) опералары коюлган. Фашист оккупациясынын жылдарында (1938—44) театр начарлап, 1945-ж. театр имараты талкаланган (калыбына 1955-ж. келтирилген). 1945-ж. өлкө бошотулгандан кийин театр кайрадан музыкалык борборго айланган
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мамлекеттик вена операсы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.