Мамбетова Назира Исмаиловна (1948-ж.
т., Жети-Өгүз району, Тамга айлы) — актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти 1978). lll даражадагы Манас орденинин ээси (2016). Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2016).
1967-1972-ж. А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтун бүткөн.
1972-1993-жылдары С. Ибраимов атындагы Ош улуттук Ош кыргыз драма театрында иштеген.
1993-жылдан тартып ушул убакка чейин Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенет.
Н.Мамбетова улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдарынын спектаклдеринде бир катар каармандардын образын түзүп, алардын кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер ачып көрсөтүп бере алган актриса.
Айганыш (К.Жантөшев. "Курманбек")
Ак бала (М. Ауэзов. «Каракөз»)
Жаңыл Мырза (А. Куттубаев, К. Маликов. «Жаңыл Мырза»)
Кадича, Сейде (Ч. Айтматов. «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет»)
Багдагүл (Т.Абдумомунов. «Ашырбай»)
Мадина (М. Карим. «Жөө Махмуд»)
Аял (М. Байжиев. «Акыркы рейс»)
Гертруда (У. Шекспир. «Отелло»)
Комиссар (В. Вишневский. «Оптимистик трагедия»)
Актриса (М. Гапаров. «Туздуу чөл»)
Бешмет (Ж. Садыков. «Ак Мөөр»)
Бакен (Кыдыкеева, Бакен) (Ж.Кулмамбетов, "Талант жана тагдыр")
Сүйүн (Ж.Кулмамбетов, "Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн")
Бекей («Ак кеме»)
Кадича («Мен Тянь-Шань»)
Курманжан ("Курманжан-датка") жана баш.
«Нооруз-91» театр фестивалдын жеңүчүүсү.
Медалдар менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мамбетова, Насира, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.